Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 7
Айылдык кеңештин Регламентин бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин регламентин бекитүү жөнүндө айылдык кеңешинин төрайымынын коодук башталыштагы орун басары Ж.Тойтиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин кезектеги III-сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин регламенти бекитилсин. ( регламент тиркелет)
2. Регламенттин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин коомдук башталыштагы төрагасынын орун басары Тойтиева Жылдызга милдетендирилсин.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрайым | Ж. Сейдалиева |
| Тиркеме № 1 |
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КЕҢЕШИНИН ЖАНА ПОСЕЛКАЛЫК КЕҢЕШТИН ТИПТҮҮ РЕГЛАМЕНТИ
Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык иштелип чыгылды жана айылдык округ кеңешинин жана поселкалык кеңешинин иш-аракет тартибин аныктайт.
I БӨЛҮК. Жалпы жоболор
Айылдык аймагынын кеңеши жана поселкалык кеңеш
1.1. Айылдык аймагынын кеңеши жана поселкалык кеңеши өзүнүн иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына, Жогорку Кеңеш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
1.2. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин иш-аракети жылдык жана кварталдык пландардын негизинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү кенештердин депутаттарнын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, айыл округунун кеңеши жана поселкалык кеңеши жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
1.3. Айылдык аймагынын кеңеши жана поселкалык кеңеши белгиленген курамындагы депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштүү аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен 4 жылга шайланат.
1.4. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин уюштуруучу-укуктук иштөө формасынын негизи сессия болуп саналат.
Айылдык аймагынын кеӊешинин жана поселкалык кеңештин компетенциясы
2.1 .Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңешинин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджети жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджети аткаруунун жана бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакттарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу;
4) Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктердин киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;