Редакцияот 19.09.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык кеңешинин IV чакырылышынын XI сессиясы

 

2016-жылдын 19-сентябры № 18

Самаркандек айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоону бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы №114-токтомунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2014-жылдын 24-мартындагы №13-7/11 токтомун жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-май №01-11/39 буйругунун негизинде Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын жер фондун инвентаризациялоонун баяндамасын карап жана талкуулап Самаркандек айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн жер фонду инвентаризациялоонун негизинде бекитилсин.

2. Токтомду бекитип берүү жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

3. Ушул токтомду аткаруу жагы Самаркандек айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

Самаркандек айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Насыров