Редакцияот 10.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Будалык айылдык кеңешинин 5 чакырылышынын кезектеги 23 заседаниясы

 

2016-жылдын 10-февралы № 23/7

Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылынын  тургуну Дурсунбаев Кымбатбек Мавляновичке Будалык айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылынын тургуну Дурсунбаев Кымбатбек Мавляновичтин аткарган иштерин балоо менен “Будалык” мечитине, “Шалбаа” балдар бакчасына демөөрчүлүк жардамдарын эске алып,калктын социалдык экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Будалык айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү Айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп жана талкуулап,  Будалык айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылынын тургуну Дурсунбаев Кымбатбек Мавляновичке Будалык айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Будалык айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Осмоновго милдеттендирилсин.

 

Будалык айылдык

кеңешинин төрагасы

 

У. Асанов