Редакцияот 26.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы

 

2016-жылдын 26-майы № 28/4

Табигаттын кырсыгы болгон селден жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жардам катары салыктан бошотуу жөнүндө

Кара-Суу айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын корутундусун угуп Кара-Суу айылдык Кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Табигаттын кырсыгы болгон селден жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жардам катары  салыктын түрлөрүнөн бошотуу жагы белгиленсин

2. Селден жабыр тарткан үй-бүлөлөрдү тактап, салыктан бошотуу жагы айыл  өкмөтүнүн башкы салыкчысы Р.Нээталиевге жүктөлсүн.

3. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл  аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик  укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Азимбаевага жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары У.Коешовго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Керимкулов