Редакцияот 30.01.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

 

2015-жылдын 30-январы № 25

Айдаркен шаардык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде (кыргыз тили) кабыл алуу жөнүндө

Эл депутаттарынын 1-чакырылышынын Айдаркен шаардык Кеңешинин кезектеги сессияларын мамлекеттик тил, кыргыз тилинде өткөрүү жөнүндө Айдаркен шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айдаркен шаардык Кеңешинин 1-чакырылышынын сессияларынын токтомдору мамлекеттик тил (кыргыз тилинде) кабыл алынсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин жооптуу катчысы Манасова Гульханга милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

А. Гайназаров