Загрузка документа…
БЕЛОВОДСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017 жылдын 29 октябры № 35
Беловодский айылдык аймагында коомдук-алдын алуу борборун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015 жылдын 27.10 “Коомдук алдын- алуу борборунун Типтик уставын бекитүү жөнүндөгү” № 747 токтомуна жана жаштар, спорт, маданият жана социалдык суроолор боюнча комиссиянын 2017 жылдын 27.09. № 8 корутундусуна ылайык, Беловодский айылдык аймагында укук бузууларды алдын –алуу боюнча алдын-алуу иш-чараларын өткөрүү максатында Беловодский айылдык кенештин сессиясы,-
ТОКТОМ КЫЛАТ
Беловодский айылдык аймагындагы коомдук алдын-алуу борборунун Уставы бекитилсин (Устав тиркелет).
Жооптуу катчы берилген токтомду Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук акттардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстициялык башкармалыгына каттого жиберсин.
Берилген токтомдун аткарылышын козөмөлдөө Беловодский айыл окмөтүнүн башчысы Б.Т. Төлөмүшевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.Конушбаев |
| Беловодский айылдык кеңешинин сессиясынын 2017 жылдын 29.09. № 36 токтому менен Бекитилди |
Коомдук алдын-алуу борбор (мындан ары – КААБ”-Беловодский айыл өкмөтү түзгөн коммерциялык эмес уюм (мындан ары ЖӨБО)- аймакта укук бузууларды алдын алууну уюштурууда жана өткөрүүдө ЖӨБОнүн жана жарандардын биргеликте катыштыруу максатында.
Коммерциялык эмес уюмдун толук аталышы:
мамлекеттик тилде: “Беловодский айылдык аймагынын Коомдук алдын-алуу борбору” Коомдук бирикмеси”;
официалдуу тилде: “Общественное объединение “Общественно-профилактический центр “Беловодского айыльного аймака”.
Коммерциялык эмес уюмдун кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: “Беловодский айылдык аймагынын “КААБ” КБ
официалдуу тилде: “ОО” ОПЦ Беловодского айыльного аймака”.
КААБ өзунүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын
“ Кыргыз Республикасында укук бузууларды алдын-алуу жөнүндө” Мыйзамына ылайык ишке ашырат, укук бузууларды алдын-алуу тармагындагы Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер өз күчүнө кирген коюлган мыйзам иретине ылайык, жана берилген Устав менен.
КААБдын ишмердүүлүгү мыйзамдуулук принциптеринде, өз эрки менен, инсанды урматто, мамлекеттик органдары , жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жана калк менен байланышта түзүлөт.