Редакцияот 08.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАНЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаны-Жер айылдык кеңешинин V Чакырылышынын XX сессиясы

 

2016-жылдын 8- февралы № 112

Хамидова Зарбубунун арызын кароо жөнүндө

Борбордук айылынын тургуну Хамидова Зарбубунун жеке менчикке аукцион аркылуу сатып алынган Борбордук айылындагы Клубдун жанындагы 0.21га жерди айыл өкмөтү тарабынан туура эмес берилгендигине байланыштуу Соттун чечими менен айыл өкмөтүнө кайра кайтарылган. Хамидова Зарбубунун төлөгөн акчасы айыл өкмөтү тарабынан кайтарылган эмес. Ошол себебтен Хамидова Зарбубуго айыл өкмөтүнө караштуу бош жерлерден 0.21га болуп берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Жаны-Жер айылдык кеңешинин V чакырылышынын XX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Хамидова Зарбубуго айыл өкмөтүнө караштуу бош жерлерден 0.21га болуп берүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

Төрага

К.Баянов