Редакцияот 08.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАНЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаны-Жер айылдык кеңешинин V Чакырылышынын XX сессиясы

 

2016-жылдын 8- февралы № 115

Жаны-Жер айыл өкмөтүндөгү жаштардын 2016-жылга карата түзүлгөн иш-планын кароо жана Жаны-Жер айыл аймагында «Жаштар борборун» ачуу жөнүндөгу маселени кароо жөнүндө

Жаны-Жер айыл өкмөтүндөгү жаш активист, лидер жаштар тарабынан 2016-жылга карата түзүлгөн иш-планын кароо, айыл өкмөтүндө жаштардын көйгөйлөрүн чечүү жана жаштар менен иш алып баруу, жаштарды коомго тартуу максатында Жаны-Жер айыл өкмөтүндө «Жаштар борборун» ачуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Абдуллаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаны-Жер айылдык кеңешинин V чакырылышнын XX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Жаны-Жер айыл өкмөтүндөгү жаш активист, лидерлер тарабынан 2016-жылга карата түзүлгөн иш-планы бекитилсин.

2. Жаны-Жер айыл өкмөтүндө Жаштар борборун ачууга макулдук берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Жер айылдык Кеңешинин жаштар жана коомдук тартипти сактоо комитетине жүктөлсүн.

 

Төрага

К.Баянов