Редакцияот 26.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыштут айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

 

2017-жылдын 09-октябры № 32

Кыштут айыл өкмөтүнүн аймагындагы жерге муктаж жарандардын муктаждыктарын чечип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 «Жеке менчик үй куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндөг» токтомун аткаруу максатында жана айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандардын жерге болгон муктаждыктарын чечүү жөнүндө Кыштут айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Жусубалиевдин баяндамасын угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыштут айыл өкмөтүнүн жеке менчик турак жай куруу үчүн арыз менен кайрылган жарандарды муктаждыктарына карап 1,2,3, топторго бөлүнгөн тизмелер бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыштут айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Зикиров