Редакцияот 19.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Арстанбап айылдык Кеңешинин VI чакырылыш кезектеги ХVII сессиясы

 

2016-жылдын 19-февралы № 5

Арстанбап айылындагы Улуу Булак суусун райондун ылдыйкы аймактарына жеткерүү жөнүндө

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын иш-планына ылайык Арстанбап айылындагы Улуу Булак суусун райондун ылдыйкы аймагындагы элге жеткирип, таза суу менен касыз кылуу долбоору боюнча маалыматты угуп жана талкуулап Арстанбап айылдык Кеңешинин VI чакырылыш кезектеги XVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Арстанбап айыл аймагындагы Улуу Булак суусун райондун ылдыйкы аймактарын элине алып кетүүгө уруксат берилсин жана айыл аймактан өтүүчү суу түтүкторү үчүн жер аянты ажыратып берилсин.

2. Улуу Булак суунан пайдалануучу жергиликтүү элдин жана сууга муктаж болгон Гумкана жана Жарадар элин кызыкчылыгын эске алуу менен тийиштүү органдар менен келишим түзүү Арстанбап айыл аймагынын Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысы И.Чолпоновко милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин муниципалдык мүлк жана мыйзамдуулук боюнча комитеттерине милдеттендирилсин.

 

Төрага

У.Таштанбеков