Редакцияот 15.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА–КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

он тогузунчу сессиясынын ( У- чакырылыш) жыйналышы

 

2016-жылдын 15-августу №19/1

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерде жана балдар бакчаларда балдардын тамактануусун уюштуруу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерге жана балдар бакчаларына келген тамак – аштын сапаты жөнүндөгу жана кайсыл жерден алынгандыгы тастыкталган документтери , протоколдору ачык көрсөтүлүп жазылсын жана окуучуларга , балдар бакчаларына алынып келинген булочка , печенье , май , сут жана башка тамак- аш азыктарынын сапаты жөнүндө документти толуктоо жагы мектеп директорлоруна жана балдар бакчаларынын башчыларына милдеттендирилсин .

2. Мектеп директорлору жана балдар бакчалардын башчылары :

- ата – энелер комитеттери менен биргеликте мектептерге жана балдар бакчаларына беруу учун алынып келинген азык – тулуктордун проба алып коюуну уюштурушсун жана сапатсыз алынып келинген азык – тулуктор үчүн өздөрүнө тагылган ыйгарым укуктардын чегинде кескин чараларды көрүшсүн .

3. Бул токтомдун аткарылышын Кара – Кочкор айылдык округунун кеңешинин агрардык , азык – тулук , айыл жана суу чарба , жерге жайгаштыруу , жер жана жер ресурстары экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына  ( торага Ж. Ажиев) жана айыл  өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине тапшырылсын .

 

Төрага

 

К. Асанов