Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-марты № 5
"Боо-Терек айылынын тургуну Акылбекова Саликанын арызы жөнүндө”
Боо-Терек айылынын тургуну Акылбекова Саликанын «1.67 гектар жеке менчик үлүш жерине 0.37 гектар жетпей жүргөнү жөнүндөгү» арызын талкуулап, Боо-Терек айылдык округунун жегиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Боо-Терек айылынын тургуну Акылбекова Саликанын 1.67 гектар жекеменчик үлүш жерине жетпей жүргөн 0.37 гектар жерди таап берүү жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн жер боюнча жетектөөчү адиси Дж.Аблаевге милдеттендирилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысы И.Кермалиевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | К. Осмонбеков |