Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-марты № 9
"Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн чыгашадан ашкан кирешесинен «Б. Сатыбеков» атындагы орто мектебине жаан сууларынын тоскучтарын орнотуу үчүн 10 000 сом бөлүп берүү жөнүндө".
Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн чыгашадан ашкан кирешесинен, «Б. Сатыбеков» атындагы орто мектебине жаан сууларынын тоскучтарын орнотуу максатында, 10 000 сом бөлүп берүү үчүн Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашадан ашкан кирешесинен, «Б. Сатыбеков» атындагы орто мектебинин жаан сууларынын тоскуч тарын орнотуу үчүн, 10 000 (он миң) сом бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткаруу жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери А. Мамбетовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысы И. Кермалиевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | К. Осмонбеков |