Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-январы № 10
"Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн чыгашадан ашкан кирешесинен «Б. Сатыбеков» жана «Д. Дуйшебаев» атындагы орто мектептеринин спортинвертарларына 14 000 сом бөлүп берүү жөнүндө".
Боо-Терек айылдык округунун айыл окмотунун чыгашадан ашкан кирешесинен «Б. Сатыбеков» жана «Д. Дуйшебаев» атындагы орто мектептеринин спортинвертарларына 14 000 сом бөлүп берүү максатында, Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашадан ашкан кирешесинен, «Б. Сатыбеков» атындагы орто мектебинин спортинвертарларына 10 000 (он миң) сом бөлүнүп берилсин.
2. Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашадан ашкан кирешесинен, «Д. Дуйшебаев» атындагы орто мектебинин спортинвертарларына 4 000 (төрт миң) сом бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери А. Мамбетовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысы И. Кермалиевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | К. Осмонбеков |