Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-марты № 11
"Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн чыгашадан ашкан кирешесинен айылдык округунун Айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын фундаментинин курулушуна 200 000 сом бөлүп берүү жөнүндө".
Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн чыгашадан ашкан кирешесинен айылдык округунун Айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын фундаментинин курулушуна 200 000 сом бөлүп берүү максатында, Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашадан ашкан кирешесинен, айылдык округунун айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын фундаментинин курулушуна 200 000 (эки жүз миң) сом бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткаруу жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери А. Мамбетовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысы И. Кермалиевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | К. Осмонбеков |