Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-марты № 13
"Боо-Терек айыл аймагында жайгашкан дүкөндөрдө алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки сатууну тартиптик иретке келтирүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук Агенттигинин 2011-жылдын 19-декабрындагы №01-16/369 чыгыш сандуу катын талкуулап жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл аймагында жайгашкан дүкөндөрдө алкоголдук ичимдиктер (арак, коньяк, вино, пиво) жана тамекилерди (сигареты) 18 жашка толо элек Кыргыз Республикасынын жарандарына сатууга тыюу салынсын.
2. Боо-Терек айыл аймагындагы «Б. Сатыбеков» жана «Д. Дуйшебаев» атындагы орто мектептеринин, ошондой эле №9 ҮДТнун жанында, 100 метр аралыгында (радиусунда) жакын жайгашкан дүкөндөрдүн менчик ээлери алкоголдук ичимдиктер (арак, коньяк, вино, пиво) жана тамекилерди (сигареты) сатууну 2012- жылдын 1-майынан баштап токтотсун.
3. Бул токтомдун 1, 2-пунктарына баш ийбеген дүкөндөрдүн ээлерине 10 000 (он миң) сом өлчөмүндө айып салынсын.
4. Бул токтомдун ишке ашыруу жана аткаруу жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо боюнча адиси Г. Узеновага, Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнөн Боо-Терек айылдык округуна бөлүнгөн милициянын ага лейтенанты З. Токтогазиевге, «Б. Сатыбеков» атындагы орто мектебинин мүдүрү К. Садабаевага, «Д. Дуйшебаев» атындагы орто мектептебинин мүдүрү Г. Сатымкуловага жана №9 ҮДТнун башкы дарыгери Э. Кочоралиевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысы И. Кермалиевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | К. Осмонбеков |