Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-марты № 14
"Боо-Терек айыл округунун тургундарынын өзүнө тиешелүү менчик үлүш жерлериндеги жана огороддорундагы арыктарды тазалоону ишке ашыруу жөнүндө".
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук Агенттигинин 2011-жылдын 19-декабрындагы №01-16/369 чыгыш сандуу катын талкуулап жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Боо-Терек айыл округунун ар бир тургуну өзүнө тиешелүү менчик үлүш жерлериндеги жана огороддорундагы арыктарды тазалоого милдеттендирилет.
2. Бул токтомго баш ийбеген тургундарга 5 000 (беш миң) сом өлчөмүндө айып салынсын.
3. Бул токтомдун ишке ашыруу жана аткаруу жагы Боо-Терек айыл округунун айыл өкмөтүнүн жер боюнча жетектөөчү адиси Дж.Аблаевге жана айыл округунун СПАнын жетекчилерине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысы И. Кермалиевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | К. Осмонбеков |