Редакцияот 16.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат районундагы Кыргыз – Ата айылдык кеңешинин (бешинчи шайланган) кезектеги жыйырманчы сессиясы

 

2015-жылдын 16-сентябры № 20-2

Айылдык аймакты өнүктүрүү стратегиясын жана инвестициялык планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-майындагы № 108-буйругу менен түзүлгөн жумушчу топтун 2013-жылдын 7-майындагы Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин № VI-4 токтому менен бекитилген “Кыргыз-Ата айылдык округунда 2013-2017-жылдарга карата экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык болжолдуу планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана инвестициялык планы жөнүндөгү” токтомуна сунушун Кыргыз-Ата айылдык кеңеши угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн “2013-2017-жылдарга карата экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык болжолдуу планына” жаңы келген долбоорлор менен кызматташып иштөөнү ишке ашыруу жөнүндөгү жумушчу топтун стратегиялык планга киргизген өзгөртүүлөрү, толуктоолору жана инвестициялык планы бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

Төрага

С. Турдуев