Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
7-чакырылышынын 12- кезексиз сессиясы
2017-жылдын 27-октябры № 32
Талас райондук Түндүк электр ишканасына Кара-Суу айылдык аймагындагы А. Карыпкулов атындагы орто мектебинин жанында коюлган электр көмөк чордонунун жер аянтын чектеп, ишкананын балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү Кара-Суу айылдык аймагынын башчысы Р.Биримкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылдык аймагындагы А.Карыпкулов атындагы орто мектебинин жанында коюлган электр көмөк чордонунун жер аянтын чектеп берүү жагы Талас райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан укук күбөлөндүрүү документтерин алуу жагы суралсын.
2. А.Карыпкулов атындагы орто мектебинин жанында коюлган электр көмөк чордону ТП 802/400кв 8 кв.м. жер аянты Түндүк электр ишканасына бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Кара-Суу айыл аймагынын башчысы Р.Биримкуловго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин муниципалдык менчик, экономикалык өнүктүрүүнүн пландарын бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.
Төрага | Эсенкул уулу Памир |