Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-августу № 2
«2011-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүндө каралган акча каражатын разделден разделге, статьядан статьяга которуу жөнүндө”
Депутаттардын Миң-Булак айылдык округдук кеңешинин V чакырылышынын жыйырманчы сессиясы, айыл өкмөтүнүн 2011-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүндө каралган акча каражатын разделден разделге, статьядан статьяга которуу жөнүндөгү маселени карап , талкуулап чыгып
т о к т о м к ы л а т:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Токторалиеванын билдирүүсү эске алынсын.
2. 2011-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүндөгү башкаруу аппарат бөлүмүнүн 2212 статьясынан телефон кызматына каралган 6.3 миң сом (карызы жок экендиги эске алынсын) , унаа чыгымынан 8.6 миң сом жана маданият бөлүмүнүн 2215 статьясына каралган 5.0 миң сом, жалпысы 19.9 миң сом акча каражаты айыл ичиндеги көчөлөргө кум, таш төгүү үчүн ТЖК бөлүмүнүн 2215 статьясына которулуп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Миң-Булак айылдык кеңешинин бюджет боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Кулукеев. |