Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-августу № 3
«Сатыкка коюлган эски дарыкана жана китепкананын имаратынын төлөмү жөнүндө”
Депутаттардын Миң-Булак айылдык округдук кеңешинин V чакырылышынын бешинчи сессиясында мектепке “Мерсико” фондусунан эмеректерди сатып алуу үчүн айылдык округунун аймагындагы эски китепкана жана дарыкананын имаратын сатыкка коюу жөнүндө маселени карашкан. Аукциондук негизде баасы 150000 сомдон кем сатылбасын деген сессиянын чечиминин негизинде, имарат аукцион аркылуу 200000 сомго айылдын тургуну Райымбеков Асанга сатылган. Түзүлгөн келишим боюнча Райымбеков Асан ошол сумманы 2009-жылдын 1-ноябрына чейин айыл өкмөтүнүн счетуна төгүп берүүгө милдеттенген. Аталган сумманын 50000 сому бүгүнкү күнгө чейин төгүлгөн жок. Депутаттардын Миң-Булак айылдык округдук кеңешинин жыйырманчы сессиясы, жогорудагы айтылган маселени карап чыгып, талкуулап
т о к т о м к ы л а т:
1.Аталган маселе боюнча айыл өкмөтүнүн финасы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Токторалиеванын билдирүүсү эске алынсын.
2.Сатып алуучу Райымбеков Асанга төлөнбөй калган 50000 сомду 2011-жылдын 22-августуна чейин Миң-Булак айыл өкмөтүнүн счетуна төгүп берүүсү милдеттендирилсин.
3.Эгерде 50000 сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн счетуна төгүлбөгөн учурда сатылган имарат кайра кайтарылып алынаары белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдук кеңешинин бюджет боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Кулукеев |