Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-августу № 5
«ДЭП-№ 47 ишканасына кум алуучу кареьер үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө”
Депутаттардын Миң-Булак айылдык округдук кеңешинин V чакырылышынын жыйырманчы сессиясы, жогорудагы айтылган маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айылдык округундагы Кыргыз-Кытай биргелешкен ичүүчү суу чыгаруучу ишканасынын чыгыш тарабынан 0,30 га жер кум алуу үчүн ДЭП-№47 ишканасына беш жылдык мөөнөткө берилсин.
2. Аталган карьерден айыл калкына кум ташууга тыюу салынсын. Ишкана өзүнүн керектөөсүнө максаттуу пайдаланууга милдеттендирилсин.
3. Айылдык округундагы ички жолдорду оңдоого жылына 25000 сомдук суммага техникалык жардам көрсөтүүсү белгиленсин.
4. Карьердин мөөнөтү бүткөн мезгилде жерди кайрадан калыбына келтирип, тегиздөө иштери жүргүзүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана агрардык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Кулукеев |