Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-августу № 6
“Акматов Узакбектин үй-бүлөсүнө үлүшкө жер берүү жөнүндө”
Депутаттардын Миң-Булак айылдык округдук кеңешинин V чакырылышынын жыйырманчы сессиясы, жогорудагы айтылган маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акматов Узакбектин үй-бүлөсүнө үлүш жер берүү жөнүндөгү 2007-жылдын 6-февралындагы №1628-III жогорку кеңештен келген токтомго байланыштуу 6 (алты) жанга тиешелүү 2,22 га үлүш жери № 576 жер контурунан бөлүнүп берилсин.
2. Жерге жеке менчик укугу тууралу күбөлүгүн даярдап берүү жагы Бакай-Ата райондук Мамкаттоосунан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана агрардык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Кулукеев |