Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-августу № 7
“Айыл ичиндеги арыктардын, курулуштардын туура эмес курулуп жаткандыгы жөнүндө”
Депутаттардын Миң-Булак айылдык округдук кеңешинин V чакырылышынын жыйырманчы сессиясы, жогорудагы айтылган маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл ичиндеги үй жанынан өтүп жаткан арыктарды тосмодон (забордон) тышкары чыгарууга, жол жээктерине кык төгүүгө, тезек жыйууга, чөп жыйууга, акыр коюп мал байлоого тыюу салынсын.
2. Жогорудагы шарттар аткарылбаган учурда үй ээсине 2000 сом өлчөмүндө айып салынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана агрардык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Кулукеев |