Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-июну № 6-2
«Ат-Башы райондук прокуратурасынын 2017-жылдын 25-апрелиндеги чыгыш № Б-147-17 сандуу каты жөнүндө»
Ат-Башы райондук прокуратурасынын 2017-жылдын 25-апрелиндеги чыгыш № Б-147-17 сандуу каты тууралуу Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Асанкул уулу Рахаттын сунушун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы райондук прокуратурасына кызматтык үй куруу үчүн Ат-Башы айыл аймагынын «Улан-2» жаӊы конушунан 700 чарчы метр жер тилкеси бөлүнүп берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Асанкул уулу Рахатка милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаӊылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төраганын орун басары | К. Асанбаева |
Каттоо №19