Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-июну № 6-8
«Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кещешинин депутаттарынын курулуш, транспорт, өнөр жай, соода сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун 2017-жылдын 14-июнундагы №1 токтому жана 2005-жылдын 26-апрелиндеги Ат-Башы айыл өкмөтүнүн заседаниесинин №41/38 токтомунун 2-пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер боюнча башкы адиси Асанкул уулу Рахаттын жогорудагы маселе боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл өкмөтүнө тиешелүү болгон Ат-Башы айылындагы М. Жунусов атындагы көчөсүнүн №1/53 дарегинде жайгашкан административдик имараттын короо жайынын ичинен айыл өкмөттүн алдындагы ветеринардык пункт куруу үчүн 900 чарчы метр жер аянты бөлүнүп берилсин;
2. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн заседаниесинин 26-апрель 2005-жылдагы №41/38 токтомунун 2-пунктуна өзгөртүү киргизилип, жалпы 2352 чарчы метр жер аянты, анын ичинен 190,9 чарчы метр имараттын орду бекитилсин;
3. Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан тиешелүү документтер менен камсыз кылуу жагы суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башкы адиси Асанкул уулу Рахатка милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын
6. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаӊылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төраганын орун басары | К. Асанбаева |
Каттоо № 25