Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-августу № 2
«Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин кезектеги 13-сессиясынын №2 токтомуна, үнөмдөлгөн каражатка өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Кызыл-Жылдыз айылындагы, «Байчачекей-Жумгал» бала бакчасынын имаратын толук капиталдык ремонттон өткөрүү максатында, өздүк салым чечип берүү үчүн
токтом кылам:
1. Кызыл-Жылдыз айыл аймагында жайгашкан,«Байчачекей-Жумгал» бала бакчасынын имаратын толук капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн, 166 676 (бир жүз алтымыш алты мин жүз жетимиш алты) сом 5 пайыздык өздүк салым, Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. өздүк салымды камсыздоо жагы Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы: Ж.Саятчиновага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүктү өзүмө калтырамын.
Төрайымы | Г. Калмаматова |