Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-январы № 1
«Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине тиешелүү ички жайыттар категориясына кирген «Жорго-Сейиттин оозу, жайыт жери жөнүндө»
Көк-Ой айылынын тургуну Бердигулов Сагынбек Самаровичтин 03.01.2016-ж жазган аразын карап жана Кызыл-Жылдыз жайыт комитетинин төрагасы Д.Өмурзаковдун билдирүүсүн угуп,талкуулап Кызыл-Жылдыз айылдык кеңеши,
токтом кылат:
1.Кызыл-Жылдыз айылындагы жайыт комитетине тиешелүү «Жорго-Сейиттин» оозу ички жайытынын 25м2 жер аянтын,жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу үчүн, келишимдин негизинде,Көк-Ой айылынын жашоочусу, Бердигилов Сагынбек Самровичке, бир жылдык мөөнөт менен ижарага берилсин.
2.Кызыл-Жылдыз жайыт комитетинин төрагасы: Д.Өмүрзаковго ижарага берилип жаткан жер аянтын, жеринен барып ченеп,тактап, келишимдин шарттарынын аткарылышын көзөмөлдөө жагы милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдырмаевге жүктөлсүн.
Төрайымы | Г. Калмаматова |