Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-январы № 2
«Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине тиешелүү ички жайыттар категориясына кирген «Сөлпү-Баш» жайыт жери жөнүндө»
Көк-Ой айылынын тургуну Бердигулов Сагынбек Самаровичтин 15.11.2015-ж жазган аразын карап жана Кызыл-Жылдыз жайыт комитетинин төрагасы: Д.Өмүрзаковдун билдирүүсүн угуп,талкуулап Кызыл-Жылдыз айылдык кеңеши,
токтом кылат:
1.Кызыл-Жылдыз жайыт комитетине тиешелүү, «Сөлпү-Баш» ички жайытынын 0,4 га жер аянтын, жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу үчүн,келишимдин негизинде, Көк-Ой айылынын жашоочусу Бердигулов Канатбек Самаровичке, 2(эки)жылдык мөөнөт менен ижарага берилсин.
2.Кызыл-Жылдыз жайыт комитетинин төрагасы Д.Өмүрзаков ижарага берилип жаткан жер аянтын, жеринен барып ченеп,тактап келишимдин шарттарынын аткарылышын көзөмөлдөө жагы милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы: Б. Кыдырмаевге жүктөлсүн.
Төрайымы | Г. Калмаматова |