Редакцияот 09.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Катта- Талдык айылдык кеңешинин XX сессиясынын (бешинчи чакырылышы)

 

2016-жылдын 9-марты № 20/8

Катта- Талдык айыл Өкмөтүнүн аймагында ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн акы төлөнүүчү прейскуранттык баалары жөнүндө

Кара – Суу райондук ветеринардык жана фито санитардык коопсуздук боюнча башкармачылыгынын 18.02.2016 ж. № 28 каты менен Катта – Талдык айылдык кеңеши таанышып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Катта – Талдык айыл Өкмөтүнүн аймгында ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн акы төлөнүүчү прейскуранттык баалары Кара –Суу райондук ветеринардык жана фито санитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын 18.02.2016 ж. № 28 катындагы көрсөтүлгөн боюнча бекитилсин:

Ийри мүйүздүү малдар, жылкылар, чочколор үчүн –веткызматкерлерди чакыруу – 20 сом, клиникалык көрүү (термометра) – 15 сом

б) Иттер, мышыктар – клиникалык көрүү (термометра) – 12 сом

в) үй канаттуулар, кроликтер - көрүү (термометра) – 6 сом

Ошондой эле:

Сибир язвасына каршы вакцинация – 25 сом

Эмкарга каршы вакцинация – 25 сом

Ящурга каршы вакцинация – 25 сом

2. Бул токтом баардык ветеринардык кызматкерлерине жеткирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын къзъмългъ алуу жагы атайын туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 Т. Омонов