Редакцияот 10.11.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы

 

2016-жылдын 10-ноябры № 87

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүүнүн Улуттук Стратегиясын ишке ашыруу максатында Баткен шаары боюнча 2017-жыл үчүн кабыл алынган иш чарасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 3-пункутуна жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүүнүн Улуттук Стратегиясын ишке ашыруу максатында Баткен шаары боюнча 2017-үчүн кабыл алынган иш чарасын бекитүү максатында Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүүнүн Улуттук Стратегиясын ишке ашыруу максатында Баткен шаары боюнча 2017-жыл үчүн кабал алган иш чарасы бекитилсин. (иш чара тиркелет)

2. Баткен шаары боюнча 2017-жыл үчүн кабыл алынган иш чара шаар калкына шаардык “Орук зар” коомдук сясый газетасы аркылуу жеткирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышн көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Э.Рахматовго тапшырылсын. 

Төрага

Э. Рахматов