Редакцияот 16.12.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

 

2016-жылдын 16-декабры № 1

Эмгек-Талаа айылынын тургуну Темиркул уулу Жоодарбешимдин кайрылуусун кароо жѳнүндѳ Эмгек-Талаа айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы Темиркул уулу Жоодарбешимдин Эмгек-Талаа айылында «Дөөлөт-Суу» ѳнүгүү жамаатын түзүү боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап депутаттардын Эмгек-Талаа айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эмгек-Талаа айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Эмгек-Талаа айылында долбоорлор менен иштѳѳ, аз камсыз болгон үй-бүлѳѳлѳрдү иш менен камсыз кылуу багытында жамаат түзүлүп, түзүлгѳн жамааттын аты «Дөөлөт-Суу» жамааты деп аталсын.

2. «Дөөлөт-Суу» ѳнүгүү жамаатынын чогулушунун негизинде жамаатын жетекчилигине Темиркул уулу Ж, катчылыгына Жумабекова Ж, казначей Мурзаканова Э. шайлансын.

3. «Дөөлөт-Суу» ѳнүгүү жамаатын Юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон ѳткѳрүү жагы жамааттын жетекчисине тапшырылсын.

 

Төрага

А. Эсенбеков