Редакцияот 06.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин кезексиз IV сессиясы (VI чакырылыш)

 

2017-жылдын 6-марты №8

Кызыл-Октябрь айылынын көчөлөрүнүн бирине Абдулла Баймуратовдун ысмын ыйгаруу жөнүндө

 

Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VI- чакырылган IV- кезексиз сессиясы Кызыл-Октябрь айылындагы айылдык жыйындын токтомун угуп жана талкуулап, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын чечимин, айыл тургундарынын сунуштарын колдоп төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баймуратов Абдулланын ысмы Кызыл-Октябрь айылынын жаны чегиндеги мечит тарабындагы четки көчөгө ыйгарылсын.

2. Көчөнү ар убакта таза кармоо, иретке келтирип, көрсөтмө такталарды үй номерлерин жаздырып илдирүү жагы Баймуратов Абдулланын уул-кыздарына тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлго алуу жагы Кызыл-Октябрь айылынын айыл башчысы М.Сандыбаевке милдеттендирилсин.

 

Төрага

К. Мусаев

Катчы

К. Сопуев