Редакцияот 06.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин кезексиз IV сессиясы (VI чакырылыш)

 

2017-жылдын 6-марты №13

Алга айылынын көчөлөрүнүн бирине Калык Эркебаевдин ысмын ыйгаруу жөнүндө

 

Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин VI- чакырылган IV- кезексиз сессиясы Алга айылындагы айылдык жыйындын токтомун угуп жана талкуулап, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын чечимин, айыл тургундарынын сунуштарын колдоп төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Калык Эркебаевдин ысмы Алга айылынын жаны чегиндеги бир көчөгө ыйгарылсын.

2. Көчөнү ар убакта таза кармоо, иретке келтирип, көрсөтмө такталарды үй номерлерин жаздырып илдирүү жагы Эркебаев Калыктын уул-кыздарына тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Алга айылынын айыл башчысы А.Абдуллаевке милдеттендирилсин.

 

Төрага

К. Мусаев

Катчы

К. Сопуев