Редакцияот 16.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин кезексиз V сессиясы (VI чакырылыш)

 

2017-жылдын 16-июну №22

Кызыл-Октябрь айылынын Жаман-Адыр участкасына ФАПтын курулушуна жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кызыл-Октябрь айылынын Жаман-Адыр участксынын ФАПга болгон суроо талабын иш жүзүнө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13- беренесине таянып, маселени угуп жана талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык Кеңештин VI-чакырылган VIII кезексиз сессиясынын Кеңешмеси төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнүн Кызыл-Октябрь айылынын Жаман-Адыр участкасынан айыл чарба багытында эмес жерден ФАПка 1530 м2 жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Өзгөн райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан, Өзгөн райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан ажыратып берилген жер участогуна тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жана мамлекеттик каттоого алуу жагы суралсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

К. Мусаев