Редакцияот 11.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 11-марты №4

№11 “Ай-Нуру” балдар бакчасынын ата-энелер чогулушунун 2017-жылдын 31-январындагы №1токтомун ишке ашыруу жөнүндө

 

Ноокен айылдык кеңешинин ХХVII –Чакырылышынын IV-сессиясы №11 “Ай-Нуру” балдар бакчасынын 2017-жылдын 31-январындагы №1 токтомун ишке ашыруу максатында ата-энелер төлөмүн көтөрүү боюнча токтомун карап жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокен айыл Өкмөтүнүн №11 “Ай-Нуру” балдар бакчасынын 2017-жылдын 31-январындагы №1 токтомунун негизинде балдарга татыктуу билим тарбия берүү жана бала бакчанын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында ата-энелер тарабынан бала бакчага көмөк көрсөтүлсүн.

2. Бала бакчалардагы тарбияланып жаткан балдарга ата-энелер төлөмүн балдардын тамак ашын жакшыртуу боюнча балдарга ар бир бакчага келген күнүнө 18 сомдон акча которулсун.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ноокен айыл Өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Сулаймановко милдетендирилсин.

 

Төрага

Н. Муратов