Редакцияот 24.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин № III кезектүү сессиясы (VI чакырылыш)

 

2017-жылдын 24-февралы №3/2

Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ири мүйүздүү малды идентификациялоо боюнча баасы бекитүү жөнүндө

 

УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Б.Төлөгөновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап

Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Талаа айыл аймагындагы ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо үчүн ар уй башына 40 сом бирканын баасы, 30 сом жеке ветеринардык адистин эмгек акысы, баардыгы болуп 70 сомдон бекитилсин.

2. Жеке ветеринардык адистердин ар бир малга көрсөткөн жардам акысынын жана эмдөөгө прейскурант боюнча бекитилсин.

3. Бул токтомду юстициядан өткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы Т.Стамакуновго тапшырылсын.

 

Төрага

Б. Төлөгөнов