Редакцияот 29.09.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин № VI кезектүү сессиясы (VI чакырылыш)

 

2017-жылдын 29-сентябры №6/1

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Эн мыкты айыл өкмөтү” аталышындагы жалпы мамлекеттик сынагынын 2016-жылдын жыйынтыгы менен женип алган 1 500 000 сомду кароо жөнүндө

 

УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Б.Төлөгөновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап

Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнө 2(эки) трактор чөп чапкыч (ЕШКА 302) 1 250 000 сомго алынсын.

2. “Кенбил булагы” балдар бакчасына жылуулук системасын жаныртуу үчүн 250 000 сом каралсын.

3. Бул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп www.ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсөн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Б. Төлөгөнов