Редакцияот 10.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык кеңешинин 3-кезексиз сессиясы (17-чакырылыш)

 

2017-жылдын 10-марты №6

Кара-Суу айыл аймагынын жер аянттарын пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасы жөнүндө

 

Кара-Суу айыл өкмөтөнөн Кара-Суу айылынын айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айылдык Кеңешинин 2015-жылдын 21-декабрындагы № 4 токтомунун негизинде Кара-Суу айыл аймагынын катаал климаттык шартын эске алып, жер аянттарын пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасы өзгөртүүсүз калтырылсын.

2. Ушул токтом айыл аймактын каттоосунан өткөрүлүп, karasuu.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ш.Кабаевге тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Иманкулов