Редакцияот 21.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык Кеңешинин V шайланган кезексиз 26 отуруму

 

2016-жылдын 21-апрели № 26/6

Ленин айыл өкмөтүнүн Мурдаш айылына спорт аянтчасын курууга жер берүү жөнүндө

Ленин айылдык Кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ленин айыл өкмөтүнүн Мурдаш айылына спорт аянтчасын куруу үчүн 0,08 га жер участогу №34 А.Жээнбеков атындагы орто мектебинин айланасынан чектелип берилсин.

2. Токтомдун негизинде жер участкасын тактап иш кагаздарын бүткөрүп берүү жагы Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.

3. Тийиштүү документтерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Алай райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

4. Токтомдун аткарылышы Ленин айыл өкмөтүнүн жер жана ОКМ боюнча башкы адиси Н.Нурдиновко милдеттендирилсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Жоробеков