Загрузка документа…
КР 2009-жылдын 20-июлундагы N 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 36-беренесине ылайык КҮЧҮН ТОКТОТТУ
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 15-декабрындакаттоодон өткөн. Каттоо номери 127-06. Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлигинин 2006-жылдын 14-ноябрындагы № 215-П буйругу менен бекитилген Бюджеттик мекемелердин эсептерин ачууга уруксат алуунун тартиби жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жобо 2. Бюджеттик уюмдардын эсептеринин классификациясы 3. Бюджеттик мекемелердин эсептерин ачуунун тартиби N 1 Тиркеме. Уруксат берүү N 2 Тиркеме. Уруксат берүү N 3 Тиркеме. Казыналык эсептердин реестри I. Жалпы жобо 1.1. Ушул Нускама "Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизгижоболору жөнүндө Кыргыз Республикасынын 28.05.1994-ж. № 1553- XII мый-замына ылайык иштелип чыккан жана бюджеттик мекемелердин эсептерин ачууга уруксат алуунун тартибин аныктайт. 1.2. Бюджеттик мекеме - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийликорганы тарабынан башкаруучу, социалдык-маданий, илимий-техникалык жекоммерциялык мүнөздө болбогон башка функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн тү-зүлгөн уюм, анын негизги иши толугу менен же жарым-жартылай кирешелерменен чыгашалардын бекитилген сметасынын негизинде мамлекеттик бюджет-тин каражаттарынын эсебинен каржыланат. 1.3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 28.08. 2000-ж. N 531 токтомуменен бекитилген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турганмекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" Жо-бого ылайык ар бир бюджеттик мекеменин атайын каражаттардын бардык түр-лөрү үчүн бир гана казыналык атайын эсеби болууга тийиш. Максаттуу чы-гашалар үчүн бюджеттик мекемелер максаттуу программалар жана чыгашалар(гуманитардык, демөөрчүлүк жардам, гранттар жана башкалар) тарабынананыкталган каражаттардын жүгүртүлүшүнө контролдукту камсыз кылуу үчүнатайын эсепте кошумча эсептерди ачышы мүмкүн. 1.4. Казыналык администрациялык бийликтер менен макулдашуу боюнчаар бир бюджеттик мекеме үчүн Казыналыктын жакынкы филиалын аныктайт, алушул мекеменин бюджетинин аткарылышына контролдукту жүзөгө ашырат. 2. Бюджеттик уюмдардын эсептеринин классификациясы 2.1. Бюджеттик уюмдар үчүн эсептер 2 топко бөлүнөт: - Казыналыктын системасында колдонулган эсептер (казыналык эсеп- тер); - Казыналыктын системасынан тышкары колдонулган эсептер (коммерци-ялык банктарда ачылган эсептер). Өз кезегинде Казыналык эсептер: а) каражаттардын түзүлүшүнүн булактары боюнча: - бюджеттик эсептер; - атайын эсептер; - депозиттик эсептер; - Мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча эсептер (МИП); - эсептешүү эсептери болуп бөлүнөт. б) бюджеттердин дењгээлдери боюнча: - республикалык эсептер (республикалык бюджеттен каржылануучу ме-кемелердин эсептери); - жергиликтүү эсептер (жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу меке-мелердин эсептери). 3. Бюджеттик мекемелердин эсептерин ачуунун тартиби 3.1. Республикалык бюджеттен каржылануучу бюджеттик уюмдарга эсеп-терди ачуу үчүн уруксат Борбордук Казыналык жана анын региондук бөлүм-дөрү тарабынан берилет: - Министрликтерге, комитеттерге, агентстволорго жана департамент-терге (Борбордук Аппаратка) эсептер Борбордук Казыналыктын жазуу жүзүн-дөгү уруксаты менен ачылат; - аларга караштуу региондук уюмдарга ал уюм жайгашкан жердеги ка-зыналыктын облустук, райондук бөлүмдөрүнүн уруксаты менен берилет(уруксат берүүнүн формасы нускамага карата N 1 Тиркеме). Жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу бюджеттик уюмдардын эсептеритиешелүү каржылоо органынын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен региондукбөлүмдөр тарабынан ачылат. 3.2. Казыналык аймактык белгиси жана бюджеттик мекеменин макулда-шуу боюнча ал үчүн аталган мекеме тарабынан бюджеттин аткарылышына кон-тролдукту жүзөгө ашыра турган казыналыктын региондук бөлүмүн аныктайт. 3.3.Республикалык бюджеттен каржылануучу уюмдардын казыналык эсеп-терин (бюджеттик, атайын жана депозиттик) ачуу үчүн уруксат алуу үчүнтөмөндөгү документтерди берет: 1) арыз жазылган кат; 2) Бюджеттик уюмдун борбордук аппаратынын бюджеттик жана атайынкаражаттар боюнча кирешелеринин жана чыгашаларынын сметасын (каржылоо-нун өлчөмдөрүн өзгөртүү жөнүндө кабарлаган справканы) берет, ал КыргызРеспубликасынын Экономика жана каржы министрлигинин Борбордук Казыналы-гынын кредиттерди башкы тескөөчүсү тарабынан бекитилет жана макулдашы-лат, ал эми казыналыктын региондук бөлүмдөрүндө казыналыктын региондукбөлүмү, ага караштуу уюмдар жана областтык, райондук, аймактык, струк-туралык бөлүмдөр тарабынан бекитилген, кредиттерди башкы тескөөчү тара-бынан бекитилген кирешелердин жана чыгашалардын сметасын берет. 3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун, Кыргыз Респуб-ликасынын Президентинин Жарлыктарынын, буйруктарынын, министрликтердинжана ведомстволордун жана бюджеттик уюмдун түзүлүшү жөнүндө ( жањыдантүзүлгөн уюмдар үчүн) буйруктардын көчүрмөлөрүн; 4) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелердин карамагына убак-тылуу тескөө үчүн (депозиттик эсепти ачуу үчүн ) түшкөн каражаттар ме-нен операцияларды (депозиттик эсепти ачуу үчүн) операцияларды жүзөгөашырууга уруксат берген нормативдик укуктук актылардын көчүрмөсүн бе-рүүгө укуктуу. 3.4. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу уюмдар казыналык эсептердиачуу үчүн уруксат алуу үчүн документтердин жогоруда аталган тизмелериноблустук, шаардык, райондук каржы органдарына беришет. 3.5. Борбордук Казыналыктын уруксаты 2 нускада даярдалат, анынэкөөнө тењ директордун же анын орун басарынын колу коюлат. Кол коюлганнускалардын бири аткаруу үчүн Казыналыктын региондук бөлүмүнө жибери-лет. Мамлекеттик бюджеттин чыгашаларын функциялык классификациялоогоылайык бюджеттик уюмдардын чыгашаларынын өзүнчө эсебин жүргүзүү зарылболгондо Казыналыктын региондук бөлүмү кошумча түрдө бюджеттик эсепачат. Казыналыктын региондук бөлүмдөрүндө мамлекеттик инвестициялардындолбоорлору боюнча эсептерди ачуу Кыргыз Республикасынын Экономика жанакаржы министрлигинин Инвестициялык саясат башкармасы менен макулдашуубоюнча жүргүзүлөт. 3.6. Казыналыктын региондук бөлүмдөрү бюджеттик уюмдардын казына-лык эсептерин 18.10. 2001-жылдагы N 293-б буйрук менен бекитилген(2002-жылдын 5-ноябрындагы N 301-Б, 2003-жылдын 4-июнундагы N 158-Б жа-на 2004-жылдын 29-октябрындагы N 311-б буйруктарынын редакциясында)мамлекеттик бюджеттин чыгашаларын аткаруу боюнча операциялар үчүн Кыр-гыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук Казыналыгынын ре-гиондук бөлүмдөрү тарабынан эсептерди ачуунун жана жүргүзүүнүн тартибижөнүндө" Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Нускамасынаылайык ачат. 3.7. Бюджеттик уюмдардын эсептерин башка казыналыктын тейлөөсүнөкоторуу эсепти ачууга уруксат берген тиешелүү органдын жазуу жүзүндөгүмакулдугу менен жүзөгө ашырылат ( Жобого карата N 2 Тиркеме) 3.8. "Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүн-дө" мыйзамдын 5-статьясына ылайык Борбордук Казыналыктын атайы уруксатыболмоюнча бир дагы бюджеттик мекеме коммерциялык банкта эсеп ачууга ый-гарым укуктуу болбойт. Борбордук Казыналык төмөндөгү учурларда Казыналыктын системасында-гы коммерциялык агент банктарда бюджеттик мекемелерге эсеп ачууга урук-сат берет; а) Бюджеттик мекеме чет өлкөлүк инвесторлордон гранттарды, демөөр-чүлүк жана гуманитардык жардамды алса жана грант берүүчүнүн талаптары-нын бири коммерциялык банктардагы өзүнчө (валюталык) эсептин болушуболсо; б) Бюджеттик мекеме эл аралык каржылоо институттары же башка четөлкөлүк инвесторлор тарабынан акысыз каржылануучу биргелешкен илимизилдөө программасынын катышуучусу болсо; в) бюджеттик уюмдун айрым операцияларын эсепке алууну жүргүзүү өтөэле оор болсо (Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, ИИМдин МАИБж.б.); г) Бюджеттик мекеме жарым жартылай түрдө мамлекеттик инвестиция-лардын долбоорлорунун алкагында эл аралык уюм тарабынан каржыланса жанабир эле мезгилде ушул программаны ишке ашыруу үчүн республикалык бюд-жеттен кош каржылоо алып турса; Борбордук Казыналык мамлекеттин таламдарында эсептерди ачуу үчүнмурда берилген ыйгарым укуктарды кайра алып коюуга же ушул банктыкэсептердин бардыгын же ар кандайын жаап салууга укуктуу. 3.9. Казыналыктын системасынан тышкаркы коммерциялык агент банк-тарда бюджеттик мекемеге эсептерди ачуу үчүн Борбордук Казыналыкка тө-мөндөгү документтерди берүү зарыл: 1) Жазуу жүзүндөгү арыз; 2) Бюджеттик уюмга гранттарды, каржылык жардамды жана башкалардыберүү жөнүндө Эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк инвесторлор менен келишим-дердин, макулдашуулардын көчүрмөлөрүн; 3) Долбоорлорду жана башкаларды ишке ашыруу жөнүндө эл аралык кар-жылоо институттары менен Макулдашууларды берүүгө тийиш. Агент банктарда эсеп ачылгандан кийин уюм аларды коммерциялык бан-ктарда ачылган бюджеттик уюмдардын эсептеринин реестринде эсепке алууүчүн эсептешүү эсебинин реквизиттерин жазуу жүзүндө Борбордук Казына-лыкка билдирет. 3.10. Казыналыктын региондук бөлүмдөрү эсептерди санактан өткөрүү-нүн жыйынтыгы боюнча жыл сайын Борбордук Казыналыкка 1-январга каратаалынган абал боюнча бюджеттик уюмдардын аталышын көрсөтүү менен "Казы-налык эсептердин реестрин" берет (Жобого карата N 3 Тиркеме реестр). N 1 Тиркеме Уруксат беремин (Борбордук Казыналыктын директору, (казыналыктын регионалдык бөлүмүнүн башчысы) УРУКСАТ БЕРҮҮ N _______ _________________ (күнү, айы, жылы) Ачуу үчүн ________________________________________________________ (казыналыктын бөлүмүнүн аталышы) Уюмдун каты үчүн _________________________________________________ (бюджеттик уюмдардын аталышы) __________________________________________________________________ (каттын N жана датасы) казыналык ___________________________________________________ эсеп (эсептин аталышы) Борбордук Казыналыктын Ыйгарым укуктуу кызматкери (казыналыктын бөлүмү) ________ (колу) Эскертүү: Эсеп ачуу үчүн уруксат берүүдө: - Борбордук Казыналыкка "Уруксатка" Директор кол коет; - Казыналыктын бөлүмү тарабынан "Уруксатка" башчы кол коет. N 2 Тиркеме Уруксат беремин (Борбордук Казыналыктын директору, (казыналыктын регионалдык бөлүмүнүн башчысы) УРУКСАТ БЕРҮҮ N _____ _________________ (күнү, айы, жылы) Эсептерди которуу үчүн ___________________________________________ (бюджеттик уюмдун аталышы) __________________________________________________________________ (казыналыктын которгон бөлүмүнүн аталышы) __________________________________________________________________ (казыналыктын алган бөлүмүнүн аталышы) Кайсыл мезгилден тартып _________________________________________ Бюджеттик уюмдун каты ____________________________________________ (каттын N жана датасы) Борбордук Казыналыктын Ыйгарым укуктуу кызматкери (казыналыктын бөлүмү) ___________ (колу) Эскертүү: Эсепти которууга уруксат берилгенде: - Борбордук Казыналыкка "Уруксатка" Директор кол коет; - Казыналыктын бөлүмү тарабынан "Уруксатка" башчы кол коет. N 3 Тиркеме Казыналык эсептердин РЕЕСТРИ _____________________________________________ (казыналыктын региондук бөлүмдөрүнүн аталышы) -----------------------------------------------------------------------|катар| Бюджеттик | Казыналык эсептин номерлери |Эскертүү || | |---------------------------------------|---------|| N |мекемелердин |бюджеттик| Атайын |Депозиттик| ж.б. | || |толук аталышы| | | | | ||-----|-------------|---------|---------|----------|--------|---------||-----|-------------|---------|---------|----------|--------|---------|----------------------------------------------------------------------- Борбордук Казыналыктын Ыйгарым укуктуу кызматкеринин колу