Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 29-декабрында каттоодон өткөн. Каттоо номери 121-07 Бишкек шаары2007-жылдын 12-декабры № 53/6 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" нускоого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы тарабынан "Кыргыз Республикасын-да майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасын-да төлөмдөрдү өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" нускоого сунуш кылынганөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду карап көрүү менен Кыргыз Республикасы-нын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүнпакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүүнүн тартиби жөнүндө"нускоого сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет)бекитилсин. 2. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бир-дикте ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде бел-гиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекет-тик каттоодон өткөрүлүп, расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет. 4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстицияминистрлигине маалымдасын. 5. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы ушул токтом менен коммерция-лык банктарды, "Эсептешүү-Сактык компаниясы" ААКсын, Улуттук банктынобласттык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныш-тырсын. 6. Ушул токтомдун аткарылышын. контролдук Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банкынын Төрагасынын орунбасары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 12-декабрындагы N 53/6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 22-августунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2007-жылдын 4-октябрында 88-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 38/11 "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" Нускоо тууралуу" токтомуна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жыл-дын 22-августунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция минист-рлигинде 2007-жылдын 4-октябрында 88-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөнN 38/11 "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүнпакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүүнүн тартиби жөнүндө"нускоо тууралуу" токтомуна (мындан ары - Нускоо) төмөнкүдөй өзгөртүүлөржана толуктоолор киргизилсин: 1. 2.2. пункту төмөнкү мазмундагы 21-абзац менен толукталсын: "Төлөмдү ачып көрсөтүү - эгерде бул эмгек акы долбоорлору, комму-налдык төлөмдөр жана бюджетке төлөмдөргө тиешелүү болсо, субэсептердинжана жеке эсептердин тилкелерин кошо алганда, төлөм тапшырмасынын бар-дык тилкелери милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш. 2. 4-бөлүк төмөнкү мазмундагы 4.2. пункту менен толукталсын: "4.2. Эмгек акы долбоорлору, коммуналдык төлөмдөр жана бюджеткетөлөмдөргө тиешелүү болгон учурларда, банк-жөнөтүүчү Улуттук банк Баш-кармасы тарабынан 2007-жылдын 25-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Респуб-ликасынын Юстиция министрлигинде 2007-жылдын 3-сентябрында 82-07 номе-ринде каттоодон өткөртүлгөн N 36/5 "Төлөм документтерин толтуруунунтартиби жөнүндө нускоого" ылайык, Пакеттик клиринг системасындагы тө-лөмдөрдүн толук ачып көрсөтүлүшү үчүн, субэсептерди жана жеке эсептер-дин тилкелерин кошо алганда төлөм тапшырмаларынын бардык тилкелерининтуура жана толук толтурулгандыгын текшерүүгө тийиш". 3. 4.2- жана 4.3.-пункттары тиешелүүлүгүнө жараша 4.3.- жана4.4.-пункттары деп эсептелинсин. 4. 5.1.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "5.1. Банк-жөнөтүүчү электрондук төлөм документинин файлдарын жанабилдирмелерди форматтарды толтуруу эрежелерине ылайык даярдайт. Комму-налдык, бюджеттик жана эмгек акы төлөмдөрү болгон учурларда банкжөнө-түүчү Пакеттик клиринг системасындагы төлөмдөрдүн толук ачып көрсөтүлү-шү үчүн же ар бир төлөөчү үчүн өз өзүнчө кредиттик/дебеттик төлөм тап-шырмаларын; же субэсеп жана өздүк эсеп тилкелери милдеттүү толтурулатурган жалпы төлөм тапшырмаларын түзөт". 5. 5-бөлүк төмөнкү мазмундагы 5.6-пункт менен толукталсын: "5.6. Клиринг борборуна берилген электрондук төлөм документтерининфайлдарындагы төлөмдөрдүн саны банк жөнөтүүчү кардарлардан кабыл алгантөлөм документтеринин санынан жана банк жөнөтүүчүнүн өздүк төлөмдөрүнүнсанынан турган баштапкы төлөм документтердин санына дал келүүгө тийиш(кагаз жүзүндө электрондук формада). 5. 10.1-пункту "аныктыгы үчүн жооп тартат" сөздөрүнөн кийин "жанаачып көрсөтүү" деген сөздөр менен толукталсын.