Редакцияот 27.06.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 14-июнундакаттоодон өткөн. Каттоо номери 72-08 Бишкек шаары 2008-жылдын 27-июну № 25/12      КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ              Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым            ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана                    толуктоолорду киргизүү жөнүндө      Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук ак-тыларына  сунуш  кылынган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду карап көрүп,Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук  банкы  жөнүндө"мыйзамынын  7  жана 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банк Башкармасы токтом кылат:     1. Кыргыз  Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктукактыларына сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо  тиркелет)бекитилсин.     2. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Юридикалык бөлүм  менен  бир-дикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республи-касынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн.     3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттиккаттоодон  өткөртүлгөндөн  кийин,  расмий  жарыяланган  учурдан  тартыпкүчүнө кирет.     4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм  Кыргыз  Республикасынын  Адилетминистрлигине маалымдасын.     5. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы ушул токтом менен  коммерция-лык  банктарды,  Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткенобластындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.     6. Ушул  токтомдун  аткарылышына контролдук Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банкынын Төрагасынын орунбасары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.      Кыргыз Республикасынын Улуттук     банк Башкармасынын төрагасы                       Алапаева М.О.                                                 Кыргыз Республикасынын                                             Улуттук банк Башкармасынын                                              2008-жылдын 27-июнундагы                                                № 25/12 токтому менен                                                     бекитилген                 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын                   айрым ченемдик укуктук актыларына                     ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР      I. Кыргыз   Республикасынын   Улуттук  банк  Башкармасы  тарабынан2005-жылдын 15-декабрында кабыл алынган,  Кыргыз Республикасынын Адилетминистрлигинде   2006-жылдын   18-январында  8-06  номеринде  каттоодонөткөртүлгөн № 37/8 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында май-да чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндөжобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:     1. 9.3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:     "Системада катышуучулардын таза дебеттик  позициясына  лимиттердинэки түрү белгиленет:     - Лимит 1 - операциялык күндүн башталышына карата корреспонденттикэсепте турган  жана  Пакеттик  клиринг  системасында төлөмдөрдү өткөрүүүчүн керек болгон каражаттардын бир бөлүгүн катышуучунун резервдөөсүнүнжыйынтыгы боюнча  Пакеттик клиринг системасындагы RTGSдан файлдарды бе-рүү аркылуу, клиринг сессиясы ачылгандан кийин күн сайын белгиленет.Зарыл  болгон учурда,  жыйынтыкталган таза позицияларды эсептөө баштал-ганга чейин катышуучу Лимит 1 көбөйүү жагына гана өзгөртө алат.  Жыйын-тыкталган таза позицияны эсептөө Лимит 1 чегинде жүргүзүлөт жана финан-сылык тобокелдиктерди минимумга жеткирүүгө багытталган;     - Лимит 2 - чейрек сайын чейректин биринчи иш күнүндө катышуучунунтаза дебеттик позицияларынын лимиттери боюнча  статистикалык  маалымат-тарды  анализдөөнүн негизинде аныкталган катышуучунун дебеттик таза по-зициясынын максималдуу лимитинин өлчөмүндө белгиленет. Бул лимит акыркыэсептешүүнү  жүргүзүү учурунда системасынын катышуучулары тарабынан ка-тышуучулардын дебеттик позицияларынын ордун толтурууга каралган Камсыз-дандыруу фондуу түзүүдө гана пайдаланылышы мүмкүн.     II. Кыргыз  Республикасынын  Улуттук  банк  Башкармасы   тарабынан2007-жылдын 22-августунда кабыл алынган,  Кыргыз Республикасынын Адилетминистрлигинде  2007-жылдын  4-октябрында  88-07  номеринде   каттоодонөткөртүлгөн   № 38/11 токтому  менен  бекитилген Кыргыз Республикасындамайда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик  клиринг  системасындатөлөмдөрдү  өткөрүүнүн  тартиби жөнүндө нускоого төмөнкүдөй өзгөртүүлөржана толуктоолор киргизилсин:     1. 2.2-пунктта  "1  түрдөгү  дебеттик таза позицияга лимит (мынданары ДТПЛ)" термини төмөнкүдөй редакцияда берилсин:     "1 түрдөгү  дебеттик  таза  позицияга лимит (мындан ары ДТПЛ 1)" -операциялык күндүн башталышына карата  корреспонденттик  эсепте  турганжана Пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүү үчүн керек болгонкаражаттардын бир бөлүгүн катышуучунун резервдөөсүнүн жыйынтыгы  боюнчаПакеттик  клиринг системасындагы RTGSдан файлдарды берүү аркылуу,  кли-ринг сессиясы ачылгандан кийин күн сайын белгиленет. Зарыл болгон учур-да, жыйынтыкталган таза позицияларды эсептөө башталганга чейин катышуу-чу ДТПЛ 1 көбөйүү жагына гана өзгөртө алат. Жыйынтыкталган таза позици-яны  эсептөө  ДТПЛ 1 чегинде жүргүзүлөт жана финансылык тобокелдиктердиминимумга жеткирүүгө багытталган."     2. 2.2-пунктунда "2 түрдөгү дебеттик таза позицияга лимит  (мынданары ДТПЛ 2)" термини төмөнкүдөй редакцияда берилсин:     "2 түрдөгү  дебеттик  таза  позицияга  лимит (мындан ары ДТПЛ 2)"-чейрек  сайын,  өткөн  чейрек  үчүн  статистикалык  маалыматтарды  ана-лиздөөнүн  негизинде аныкталган катышуучунун таза дебеттик позициясынынмаксималдуу лимитинин өлчөмүндө белгиленет.  Алдынала таза дебеттик по-зициялар  ЛДЧП  2  чегинде  эсептелет.  Бул  лимит  акыркы  эсептешүүнүжүргүзүү учурунда системасынын катышуучулары тарабынан  катышуучулардындебеттик позицияларынын ордун толтурууга каралган Камсыздандыруу фондунтүзүүдө гана пайдаланылышы мүмкүн.