Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын27-июнунда каттоодон өткөн. Каттоо номери 73-08 Бишкек шаары2008-жылдын 27-июну № 25/5 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин колдонууга киргизүү боюнча пилоттук (алгачкы) долбоорду жүзөгө ашыруунун чегинде жүргүзүлгөн операциялардын жыйынтыгы боюнча "Экобанк" ААКсынын финансылык отчетту түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобо тууралуу Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасында ислам каржылоо прин-циптерин колдонууга киргизүү боюнча пилоттук (алгачкы) долбоорду жүзөгөашыруунун чегинде жүргүзүлгөн операциялардын жыйынтыгы боюнча "Экобанк"ААКсынын финансылык отчетту түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобонундолбоорун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7, 43-статьяларына, "Кыргыз Республи-касындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамдын 58-статьясына, "Бух-галтердик эсепке алуу жөнүндө" мыйзамдын 1-статьясына, ошондой элеУлуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 30-октябрында кабыл алын-ган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 30-нояб-рында 120-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Кыргыз Республикасындаислам каржылоо принциптерин пилоттук (алгачкы) долбоордун чегиндежүзөгө ашыруу жөнүндө" жобого таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улут-тук банк Башкармасы токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин колдонуугакиргизүү боюнча пилоттук (алгачкы) долбоорду жүзөгө ашыруунун чегиндежүргүзүлгөн операциялардын жыйынтыгы боюнча "Экобанк" ААКсынын финансы-лык отчетту түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бе-китилсин. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын12-июлундагы N 373 "Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптеринколдонууга киргизүү боюнча пилоттук (алгачкы) долбоор жөнүндө" Жарлыгыменен ратификацияланган Кыргыз Республикасы, Ислам өнүктүрүү банкы жана"Экобанк" ААКсынын ортосунда Кыргыз Республикасында ислам банк ишин жа-на каржылоо шарттарын колдонууга киргизүүгө тиешелүү 2006-жылдын 16-ма-йында келишилген өзара түшүнүшүү Меморандумунун талабын жүзөгө ашыруу-нун чегинде түзүлгөн Жетектөөчү комитетке жөнөтүлсүн. 3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалыкбөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүнКыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартиптежөнөтүшсүн. 4. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттиккаттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилетминистрлигине маалымдасын. 6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзагажүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы М.Алапаев Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын27-июнунда каттоодон өткөн. Каттоо номери 73-08 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-июнундагы № 25/5 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин колдонууга киргизүү боюнча алгачкы долбоорду жүзөгө ашыруунун чегинде жүргүзүлүп жаткан операциялардын жыйынтыгы боюнча "Экобанк" ААКсынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" ЖОБО 1. Жалпы жоболор 1.1. Бул жобо Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптеринколдонууга киргизүү боюнча алгачкы долбоорду жүзөгө ашыруунун чегиндеиштелип чыккан. 1.2. Бул жободо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк ишижөнүндө", "Бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө" мыйзамдарына жана Улуттукбанк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 30-октябрында кабыл алынган, Кыр-гыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 30-ноябрында120-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 32/2 токтом менен бекитилген"Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин алгачкы долбоордунчегинде жүзөгө ашыруу жөнүндө" жобого ылайык ишке ашырылган операция-лардын жыйынтыгы боюнча банктын финансылык отчетунун курамы, мазмунужана аны түзүүнүн негизги эрежелери аныкталган. 1.3. Пайдалануучулардын кењири чөйрөсү үчүн экономикалык чечимдер-ди кабыл алууда зарыл болгон, ислам каржылоо принциптеринде ишке ашы-рылган операциялар боюнча банктын финансылык абалы жана финансылык на-тыйжалары жөнүндө маалыматтарды берүү, финансылык отчеттун максаты бо-луп саналат. 1.4. Банк, ислам каржылоо принциптеринде жүзөгө ашырылган операци-ялар боюнча кошумча (өзүнчө) финансылык отчетту консолидацияланган фи-нансылык отчетко карата түшүндүрмө тилкатка тиркеме катары түзүүгө жанасунуштоого тийиш. 1.5. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардынжыйынтыгы боюнча финансылык отчет Финансылык отчеттуулуктун эларалыкстандарттарына (мындан ары - ФОЭС) ылайык келүүгө тийиш. 1.6. Банктын Директорлор кењеши тарабынан бекитилген эсепке алуусаясатынын курамында Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган опе-рациялардын жыйынтыгы боюнча банктын финансылык отчетун түзүү тартибикамтылууга тийиш. 2. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча банктын финансылык отчетуна карата жалпы талаптар 2.1. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардынжыйынтыгы боюнча банктын кошумча (өзүнчө) финансылык отчету төмөнкүкомпоненттерден турат: 1) бухгалтердик баланс боюнча финансылык абалы жөнүндө отчет; 2) түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчет; 3) банктын Шариат Кењешинин корутундусу; 4) эсепке алуу саясаты жана финансылык отчетко карата түшүндүрмөтилкаты (чечмелөөлөр). 3. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча финансылык отчетту берүү жана жарыялоо тартиби жана мөөнөттөрү 3.1. Банктын консолидацияланган финансылык отчетунун курамында ис-лам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы бо-юнча банктын финансылык отчетун жарыялоо жана берүү, Улуттук банк Баш-кармасы тарабынан 2003-жылдын 3-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Рес-публикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 29-декабрында 125-03 но-меринде каттоодон өткөртүлгөн N 33/2 "Кыргыз Республикасынын коммерция-лык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптаржөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтом менен бекитилген "Кыргыз Рес-публикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнөкарата талаптар жөнүндө" жобонун 3-бөлүгүнүн талаптарына ылайык жүзөгөашырылат. 3.2. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардынжыйынтыгы боюнча финансылык отчетту берүү жана жарыялоодон тышкары,банк төмөнкүлөрдү сунуштоого тийиш: - ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын жы-йынтыгы боюнча ар айлык баланстык отчетту, ислам каржылоо принциптерин-де ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча түшкөн пайдалар жанакеткен чыгымдар жөнүндө отчетту (ар айлык финансылык отчет); - ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын жы-йынтыгы боюнча чейректик баланстык отчетту, ислам каржылоо принципте-ринде ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча түшкөн пайдаларжана кеткен чыгымдар жөнүндө отчетту (чейректик финансылык отчет). Ислам каржылоо принциптеринде жүзөгө ашырылган операциялардын жы-йынтыгы боюнча финансылык отчетту ар айлык жана чейректик негизде берүүжана жарыялоо, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 3-декаб-рында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде2003-жылдын 29-декабрында 125-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 33/2"Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчеттордутүзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтом ме-нен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финан-сылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобонун 4-бөлүгүнүнталаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. 4. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгына ылайык бухгалтердик баланс боюнча финансылык абал жөнүндө отчет 4.1. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардынжыйынтыгына ылайык бухгалтердик баланс боюнча финансылык абал жөнүндөотчет, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 3-декабрында кабылалынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын29-декабрында 125-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 33/2 Кыргыз Рес-публикасынын коммерциялык банктарынын финансылык түзүүсүнө карата та-лаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтом менен бекитилген "Кыр-гыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчеттордутүзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобонун 6-бөлүгүнүн талаптарына ыла-йык түзүлөт. 5. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчет 5.1. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардынжыйынтыгы боюнча түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчет,Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 3-декабрында кабыл алын-ган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 29-декаб-рында 125-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 33/2 "Кыргыз Республика-сынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карататалаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтом менен бекитилген"Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчеттордутүзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобонун 7-бөлүгүнүн талаптарына ыла-йык түзүлөт. 6. Шариат Кењешинин корутундусу 6.1. Шариат Кењешинин корутундусу ушул жобого карата 1-тиркемегеылайык түзүлөт жана жылдык финансылык отчеттун курамында берилет. 7. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча банктын финансылык отчетуна карата түшүндүрмө тилкат (чечмелөөлөр) 7.1. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардынжыйынтыгы боюнча банктын финансылык отчетуна карата түшүндүрмө тилкат(чечмелөөлөр), Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 3-декаб-рында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде2003-жылдын 29-декабрында 125-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 33/2"Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчеттордутүзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтом ме-нен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финан-сылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобонун10-бөлүгүнүн талаптарына ылайык түзүлөт. Банк тарабынан ислам каржылоопринциптеринде, банктын капиталына таасирин тийгизген операциялар ишкеашырылган шартта, банк түшүндүрмө тилкатта аларды чечмелеп берүүгө ти-йиш. "Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин колдонууга киргизүү боюнча алгачкы долбоорду жүзөгө ашыруунун алкагында жүргүзүлүп жаткан операциялардын жыйынтыгы боюнча "Экобанк" ААКсынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобого карата 1-тиркеме Шариат Кењешинин корутундусу (үлгү) Биз, (аты-жөнү), ... (аты-жөнү), Банктын Шариат Кењешинин мүчөсүболуу менен Банктын Шариат Кењешинин мүчөлөрүнүн атынан, ислам каржылоопринциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырышкан банктынбөлүмдөрүнүн/филиалдарынын операциялары ________-жылы Шариат принципте-рине ылайык жүргүзүлгөндүгүн тастыктайбыз. Шариат Кењешинин атынан: (аты-жөнү) ________________________________ (аты-жөнү) ________________________________ Бишкек шаары (күнү)