КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 241
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актылары жөнүндө"
Мыйзамынын 36-беренесине ылайык
КҮЧҮН ТОКТОТТУКыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 10-декабрында каттоодон өткөн. Каттоо номери 143-08 Бишкек шаары2008-жылдын 5-декабры № 1133 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ "Баалуу каттарда администрациялык материалдарды жиберүү, жеткирүү жана алуу, кыймылдын жана транспорт каражаттарды эксплуатациялоонун эрежелерин бузган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча администрациялык айыптарды алуу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө
ко-дексине ылайык, 04.08.2008-жылы "Кыргыз Республикасынын Администрация-лык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордукиргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамыкабыл алынганына байла-
ныштуу, калкты тейлөөнү жакшыртуу, администрациялык укук бузуулар бо-юнча материалдарды каралчу жерге өз убагында жеткирүүнү камсыздоо, поч-та боюнча жиберилчү айдоочулук документтердин сакталышын камсыздоо,ошондой эле администрациялык айыптарды алуунун ачык-айкындыгын камсыз-доо максатында буйрук кылам: 1. Баалуу каттарда администрациялык материалдарды жиберүү, жет-кирүү жана алуу, кыймылдын жана транспорт каражаттарды эксплуатациялоо-нун эрежелерин бузган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер бо-юнча администрациялык айыптарды алуу боюнча тиркелген
нускама бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынынкоопсуздугунун башкы башкармасынын, Бишкек жана Ош шаарларынын Башкыички иштер башкармаларынын, облустардын жана Ош шаарынын ички иштербашкармаларынын начальниктери бул приказ күчүнө киргенден кийин: 2.1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол кыймылы-нын коопсуздугу (МАИБ) подразделениелеринин бардык кызматкерлери беки-тилген Нускаманы окуп-үйрөнүшүн камсыздашсын. 2.2. Кыймылдын коопсуздугунун жана транспорт каражаттарды эксплуа-тациялоонун эрежелерин бузган администрациялык укук бузуулар жөнүндөиштер боюнча иш кагаздарын жүргүзүүнү бекитилген Нускамага ылайык кел-тиришсин. 2.3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-рлигине караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары -Почта) адистештирилген кассаларынын иши үчүн имараттарда: Бишкек шаары-нын Башкы ички иштер башкармасында - төрт кассадан кем эмес; Ош шаары-нын ички иштер башкармасынын МАИБ - эки кассадан кем эмес; Жалал-Абадшаардык ички иштер бөлүмүнүн (ТТТИИБ) МАИБ - эки кассадан кем эмес; Ка-ракол шаарынын ШИИБ МАИБ, Кара-Суу шаарынын ШИИБ МАИБ - бирден кассаиштеши үчүн жай караштырышсын. МАИБнын аталган бөлүмдөрүндө адистешти-рилген кассалар "бирдиктүү терезе" принциби боюнча иштешин уюштурушсун. 2.4. Почта менен аталган кассалардын иштешин МАИБ бөлүмдөрү үчүнбелгиленген иш режимине макулдашсын. 2.5. Ушул приказ менен бекитилген Нускаманын нормаларын жол кыймы-лынын катышуучуларына жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуутүшүндүрүүнү уюштурушсун. 3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынынкоопсуздугунун башкы башкармасы жана Финансы-чарба башкармасынын на-чальниктери: 3.1. Ушул Нускама менен бекитилген документтерди, атайын бланктар-ды даярдоого заказдар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигининФинансы-чарба башкармасынын типографиясына берилишин камсыздашсын. 3.2. Бекитилген нускама 200 экземпляр санда типографиялык ыкма ме-нен чыгарылышын камсыздашсын. 4. Бул приказ Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамле-кеттик каттоого жиберилсин. 5. Бул приказ Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамле-кеттик каттоого алынып жана расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирет. 6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине бул приказдын рас-мий жарыяланганы (басылманын аталышы, номери жана датасы) билдирилсин. 7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин30.10.2008-жылдагы № 1019 "Баалуу каттарда администрациялык материал-дарды жиберүү, жеткирүү жана алуу, кыймылдын жана транспорт каражаттар-ды эксплуатациялоонун эрежелерин бузган администрациялык укук бузууларжөнүндө иштер боюнча администрациялык айыптарды алуу боюнча нускаманыбекитүү жөнүндө" приказы күчүн жоготту деп эсептелсин. 8. Бул приказдын талаптары аткарылышын контролдоо Кыргыз Республи-касынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майоруТ.Ү.Субановго тапшырылсын. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-майору М.Конгантиев