Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 токтому менен бекитилген |
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" ЖОБО
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 19-мартындагы № 9/4, 2014-жылдын 31-декабрындагы № 60/1, 2015-жылдын 25-ноябрындагы № 71/7, 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/9, 2017-жылдын 10-мартындагы № 10/1, 26 апреля 2017 года № 17/3, 2017-жылдын 19-июлундагы № 2017-П-09/32-3-(НПА), 2017-жылдын 27-сентябрындагы № 2017-П-09/42-7, 2017-жылдын 25-октябрындагы № 2017-П-09/45-9-(НПА), 2017-жылдын 13-декабрындагы № 2017-П-09/51-19-(НПА), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-09/33-2-(НПА), 2020-жылдын 26-февралындагы № 2020-П-09/8-5-(НПА), 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-09/78-12-(НПА), 2025-жылдын 4-июнундагы № 2025-П-09/27-2-(НПА))
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул жободо, өз ишин Улуттук банктын лицензиясынын негизинде жүзөгө ашырган коммерциялык банктарга (мындан ары - Банк/Банктар) кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максаттарына Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан (мындан ары - Улуттук банк) аукциондордун негизинде кредиттик каражаттарды берүү тартиби аныкталат.
2. Кредиттик аукциондорду Улуттук банк акча-кредит саясатын жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 6, 16 жана 17-беренелерине ылайык өткөрөт.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/3, 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-09/78-12-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кайра каржылоо жана банктын кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүгүн колдоого алуу үчүн Банктарга белгилүү бир мөөнөткө кредиттик ресурстарды сунуштоо, кредиттик аукциондорду өткөрүү максатынан болуп саналат.
4. Кредиттик ресурстар Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталган мөөнөткө берилет. Кредиттик каражаттарды сунуштоо шарттары жана алардын көлөмү Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими менен аныкталат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/3 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Улуттук банк бир тараптан жана ушул Жободо жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга жооп берген Банктар экинчи тараптан, кредиттик аукциондордун катышуучуларынан болуп саналышат.
2. Колдонулган атоолор жана түшүнүктөр
6. Кредиттик аукцион жөнүндө Башкы келишим (мындан ары - Башкы келишим) - бул, Улуттук банк менен Банк ортосунда түзүлгөн келишим. Келишимде кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча кайра каржылоого жана ликвиддүүлүктү колдоого Улуттук банк тарабынан кредиттик ресурстардын Банкка берилиши шарттары жана мында келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салуу тартиби аныкталат. Башкы келишим, ушул Жобого карата 1-тиркемеде көрсөтүлгөн формада жана Банк Жобонун 29-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарга ылайык келген учурда түзүлөт.
7. Күрөө келишими - бул Улуттук банк менен Банк ортосунда, кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча Башкы келишимдин алкагында түзүлгөн келишим, анын негизинде Банктын кредиттик каражаттарды кайтарып берүү боюнча милдеттенмеси күрөө менен камсыз кылынат. Келишимде күрөөлүк камсыздоону сунуштоо шарттары жана тартиби аныкталып, ал Башкы келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
8. Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети (КДКР) - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коллегиалдуу органы, ликвиддүүлүктү утурумдук негизде тескөөгө алып туруу комитеттин негизги иш максатынан болуп саналат.
9. Кредиттик аукцион - бул, Улуттук банктын аукциондук механизмди колдонуу менен күрөөлүк камсыздоо алдында улуттук валютада кайра каржылоо операцияларын ишке ашыруу ыкмасы.