Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын 27-декабрындагы № 2024-П-12/71-4-(НПА)
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
2017-жылдын 17-майы № 19/12
"Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын:
- Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 26-мартындагы № 13/4 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө" жобо тууралуу" токтому;
- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 15-февралындагы № 8/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пункту, ошондой эле жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун 1-пункту;
- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомуна карата тиркеменин 29-пункту;
- Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 "Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пунктунун жыйырманчы абзацы жана ушул токтомго карата тиркеменин 19-пункту.
3. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет.