Редакцияот 10.11.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2011-жылдын 10-ноябры № 518-б

Кыргыз Республикасынын эл акыны, драматург, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эгемберди Эрматовдун 60 жылдыгына арналган иш чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:

1. Уюштуруу комитети төмөнкү курамда бекитилсин:

 

Жунусов И.К.

 

- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Шакиев Н.Т.

- Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

 

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

 

Жолдошева Ж.А.

 

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Иманалиев К.

 

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Мадеминов М.Г.

 

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Зулпукаров Т.

 

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Раев С.А.

- Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

 

Бурханов А.Б.

 

- Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатор;

Ганыев Т.Г.

 

- Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким;

Халмурзаев X.А.

 

- Кызыл-Кыя шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Оторбаев К.Т.

- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

 

Абдрахман уулу Шайырбек

 

- ЭЛТР коомдук телерадиокомпаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Абыкеев Ч.А.

 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

Орунбеков Б.

 

- «Кыргыз Туусу» гезитинин башкы редактору;

Исаков К.

- Ош мамлекеттик университетинин ректору (макулдашуу боюнча).

2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын

Биринчи вице-премьер-министри,

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

 

 

Ө. Бабанов