Бишкек шаары2009-жылдын 29-апрели КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН ЧЕЧИМИ "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө"
Кодекстин 45-беренесинин11-пунктун, 46-беренесинин 7-пунктун, 54-беренесинин 4-пунктунун экинчиабзацын жана 55-беренесинин 7-пунктун, Кыргыз Республикасынын Жа-зык-процесстик
кодексинин 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн Кыргыз Республика-сынын Кылмыш-жаза кодексинин 141-беренесинде каралган кылмыш ишти жеке-че айыптоо иштерине киргизүү тууралуу бөлүгүндө Конституцияга ылайыкэмес жана Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 1-беренесинин 1-пунк-туна, 7-беренесинин төртүнчү абзацына, 13-беренесинин 3-пунктуна,15-беренесинин 4-пунктуна, 18-беренесине, 21-беренесинин 5-пунктуна,23-беренесинин 1-пунктуна жана 95-беренесинин 2-пунктуна карама-каршыкелет деп табуу жөнүндөгү жаран Мамбетов Турдубектин өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: Төрагасы С.К.Сыдыкова,Төраганын орунбасары А.А.Суталинов, судьялар - А.А.Абдугапаров, С.Н.Де-мин, А.С.Кененсариев, Ч.Ж.Курбанова, њ.Ж.Мамыров, Ч.А.Мусабекова жанаК.Э.Эсенкановдордун курамында, соттук жыйналыштын катчысы Ж.М.Абдылдаеванын, тараптар: жаран Мам-бетов Турдубектин, 3-декабрь 2008-жылдагы ишеним катынын негизинде ара-кеттенген анын өкүлү Садыков Нурлан Бериковичтин, 15-январь 2009-жылда-гы ишеним катынын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин өкүлү Жусупов Медер Кењешовичтин, 12-март 2009-жылдагы жана10-октябрь 2008-жылдагы ишеним каттардын негизинде аракеттенишкен Кыр-гыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү СарбагышевӨмүрбек Эсенгуловичтин жана Аллафердов Ариф Алиакберовичтин катышууларыменен, Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 85-беренесин, "КыргызРеспубликасынын Конституциялык соту жөнүндө" Мыйзамдын 13-беренесин жа-на "Кыргыз Республикасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Кодекс-тин 11-беренесин жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышта жаран Т.Мам-бетовдун "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кодекстин 45-берене-синин 11-пунктун, 46-беренесинин 7-пунктун, 54-беренесинин 4-пунктунунэкинчи абзацын жана 55-беренесинин 7-пунктун, Кыргыз РеспубликасынынЖазык-процесстик
кодексинин 26-беренесинин экинчи бөлүгүнүн Кыргыз Рес-публикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 141-беренесинде каралган кылмыш иш-ти жекече айыптоо иштерине киргизүү тууралуу бөлүгүндө Конституциягаылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 1-беренесинин1-пунктуна, 7-беренесинин төртүнчү абзацына, 13-беренесинин 3-пунктуна,15-беренесинин 4-пунктуна, 18-беренесине, 21-беренесинин 5-пунктуна,23-беренесинин 1-пунктуна жана 95-беренесинин 2-пунктуна карама-каршыкелет деп табуу жөнүндөгү өтүнүчүн карады. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы А.А.Абдуга-паровдун баяндамасын, жаран Т.Мамбетовдун жана анын өкүлү Н.Б.Садыков-дун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жана Борбордук комиссия-сынын өкүлдөрү М.К.Жусуповдун, О.Э.Сарбагышевдин, А.А.Аллафердовдунсөздөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республи-касынын Конституциялык соту тапты: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 18-декабрь 2008-жылы,17-март жана 2-апрель 2009-жылы "Кыргыз Республикасындагы шайлоожөнүндө" Кодекстин (мындан ары шайлоо жөнүндө Кодекстин) 45-беренесинин11-пунктун, 46-беренесинин 7-пунктун 54-беренесинин 4-пунктунун экинчиабзацын жана 55-беренесинин 7-пунктун, Кыргыз Республикасынын Жа-зык-процесстик кодексинин (мындан ары КР ЖПК) 26-беренесинин2-бөлүгүнүн, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза
кодексинин (мындан арыКР КЖК) 141-беренесинде каралган кылмыш ишти жекече айыптоо иштеринекиргизүү тууралуу бөлүгүндө Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Рес-публикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 1-пунктуна, 7-беренесининтөртүнчү абзацына, 13-беренесинин 3-пунктуна, 15-беренесинин 4-пункту-на, 18-беренесине, 21-беренесинин 5-пунктуна, 23-беренесинин 1-пунктунажана 95-беренесинин 2-пунктуна карама-каршы келет деп табуу жөнүндөгүжаран Т.Мамбетовдун өтүнүчтөрү келип түшкөн. Өтүнүчтү негиздөөгө төмөнкү жүйөөлөр келтирилет. Бишкек шаарынынБиринчи май райондук сотунун 10-октябрь 2008-жылдагы чечими менен Биш-кек шаардык Кењешинин депутаттыгына N 8 Түндүк шайлоо округу боюнчашайлоолордун натыйжалары жөнүндөгү протоколду жана чечимди бузуу туура-луу жаран Т.Мамбетовдун 8-октябрь 2008-жылы берген доо талаптары,участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдору даттанылбагандыктан жанааларды бузуу жөнүндө маалыматтар болбогондуктан, негизсиз катары кана-аттандырылган эмес. Анын N 8 Түндүк шайлоо округу боюнча добуш берүүжыйынтыгы жөнүндөгү участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун жа-на округ боюнча шайлоонун натыйжаларын аныктоону жараксыз деп табуужөнүндөгү 10-октябрь 2008-жылдагы кошумча доо арызы, белгиленген мөөнөтаяктагандан кийин жана сотко чейинки жөнгө салуу процедурасы бузулупберилген катары, ошол эле соттун аныктамасы менен ошол эле күнү кайта-рылып берилген. Көрсөтүлгөн округ боюнча шайлоочулардын тизмелерин жанадобуш берүү бюллетендерин ачуу, аларды кайталап эсептөө жана күбөлөрдүсуракка алуу жөнүндөгү өтүнүчү канааттандырылуусуз калтырылган. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча кол-легиясы жаран Т.Мамбетовдун көзөмөл иретиндеги арызы боюнча ишти карап,16-октябрь 2008-жылдагы токтомдору менен Биринчи май райондук сотунунжогоруда көрсөтүлгөн чечимин жана аныктамасын күчүндө калтырган. Жогоруда көрсөтүлгөн сот актыларын кабыл алууга Шайлоо жөнүндө ко-декстин 45-беренесинин 11-пункту, 46-беренесинин 7-пункту, 54-беренеси-нин 4 жана 6-пункттары, 55-беренесинин 7-пункту жана Кыргыз Республика-сынын Жарандык процессуалдык кодексинин бир катар башка ченемдери негизболгон. Жаран Т.Мамбетов, Шайлоо жөнүндө
кодекстин 45-беренесинин 11-пунк-ту, 46-беренесинин 7-пункту, 54-беренесинин 4-пунктунун экинчи абзацыжана 55-беренесинин 7-пункту анын конституциялык укуктарын бузган шай-лоо комиссияларына жана сотко даттанууларды жана арыздарды берүүгөчектөөлөрдү камтыйт деп эсептейт. Ошонун натыйжасында, мамлекеттик бий-лик органдарынын (округдук шайлоо комиссиясынын, Борбордук шайлоо ко-миссиясынын) арыздарды жана даттанууларды кароодогу жол берген аракет-сиздиктери, жалпы юрисдикциядагы сотторго талашылып жаткан ченемдердижетекчиликке алып, аларды жарандардын шайлоо укуктарынын бузулушунунмањызы боюнча карабай коюуга мүмкүнчүлүк берет. Ал тургай, ушундай ара-кетсиздикти ырастаган соттун тиешелүү чечими чыккан учурда дагы, жаран-дын бузулган шайлоо укугу сот тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүнэмес, анткени шайлоо жөнүндө Кодекстин 45-беренесинин 11-пунктуна,46-беренесинин 7-пунктуна ылайык добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шай-лоонун натыйжалары чыгарылгандан кийин берилген арыздар жана даттануу-лар шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп табуу үчүн негиз боло албайт. Шайлоо жөнүндө
кодекстин 54-беренесинин 4-пунктунун 2-абзацы жана 55-беренесинин 7-пункту менен белгиленген үч календарлык күн өткөндөнкийин шайлоо комиссияларына жана сотко даттануу арыздарын кабыл алуугатыюу салуу дискриминациялык чечим болуп эсептелет, анткени шайлоо про-цессинин катышуучуларына толук көлөмдө жана зарыл болгон мөөнөттө жа-рандардын шайлоо укуктарынын бузулушунун далилдерин жыйноого мүмкүндүкбербейт. Шайлоо жөнүндө Кодекстин 54-беренесинин 4-пунктунун экинчи аб-зацы жана 55-беренесинин 7-пунктунун биринчи абзацы менен койулган ре-алдуу эмес мөөнөттөр жарандарды сотко кайрылуу укугунан ажыратат. Соттериштирүүсү алдын ала чечилген болуп, курулай көрүнүшкө айланат, ант-кени шайлоо жөнүндө Кодекстин 45-беренесинин 11-пунктуна жана 46-бере-несинин 7-пунктуна ылайык добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонуннатыйжалары чыгарылгандан кийин берилген арыздар жана даттануулар шай-лоонун жыйынтыктарын жараксыз деп табуу үчүн негиз боло албайт. Ал эмиКыргыз Республикасынын ЖПКнин 26-беренесинин 2-бөлүгү Кыргыз Республи-касынын КЖКнин 141-беренесинде каралган кылмыш ишти жекече айыптоо иш-терине киргизүү тууралуу бөлүгүндө шайлоо документтерин бурмалоо факты-ларынын бетин ачууга жана тергөө жүргүзүүгө болгон мамлекеттин жоопкер-чилигин жарандарга негизсиз жүктөйт. Ошентип, жаран Т.Мамбетов талашка коюлган ченемдер ага зарыл бол-гон мөөнөттөрдө сотко кайрылууга тоскоол болуп, анын шайлоо укуктарынынөзөктүү мањызына шек келтирип, анын Кыргыз Республикасынын Конституция-сынын 1-беренесинин 1-пункту, 7-беренесинин төртүнчү абзацы, 13-берене-синин 3-пункту, 15-беренесинин 4-пункту, 18-беренеси, 21-беренесинин5-пункту, 23-беренесинин 1-пункту жана 95-беренесинин 2-пункту мененкепилдике алынган соттук коргоого болгон укугун бузат деп эсептейт. Соттук жыйналышта жаран Т.Мамбетов жана анын өкүлү Н.Б.Садыковөздөрүнүн өтүнүчтөрүн колдоп жана аларды канааттандырууну сурашты. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жана Кыргыз Республикасы-нын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү М.К.Жунусов, О.Э.Сарбагышевжана А.А.Алафердов өтүнүчтөрдүн жүйөөлөрү менен макул болбостон аны ка-нааттандыруусуз калтырууну сурашты. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, тараптардын жүйөөлөрүнталкуулап жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, жаран Т.Мамбетовдунөтүнүчү төмөнкү негиздер менен жарым-жартылай канааттандыруулуга жататдеп эсептейт. Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 23-беренесинин 1-пунктунунэкинчи абзацына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттикбийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шай-лоого жана аларга шайланууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын жарандары-нын шайлоолорго катышууга болгон конституциялык укуктарынын жүзөгө ашы-рылышы, шайлоолорду өткөрүүнүн тартибин жана шарттарын аныктаган Шайлоожөнүндө кодекстин негизинде ишке ашырылышы керек. Жарандардын шайлоо укуктарынын жүзөгө ашырылышынын эњ маанилүү ке-пилдиги болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-беренесинин 1жана 3-пункттарынын, 15-беренесинин 4-пунктунун жана 21-беренесинин 4,5-пункттарынын адамдын жана жарандын бардык эркиндиктери жана укуктарымыйзам жана сот аркылуу корголот жана кепилденет; аларды коргоо, укукбузууларды болтурбоо жана бузулган укуктарды калыбына келтирүү мамле-кеттин, анын бардык органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкарууоргандарынын жана алардын кызмат адамдарынын милдети; бардык адамдармыйзам жана сот алдында бирдей деген жоболору аркылуу кепилденген сот-тук коргоо саналат. Жогорудагы конституциялык жоболордун мааниси боюнча аларга жолдо-гон Адам укуктарынын жалпы декларациясынын жоболору (8-берене) жана жа-рандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пакты (2-берененин 2 жана3-пункттары), мамлекет соттук коргоого болгон укукту толук ишке ашыры-лышын камсыз кылууга милдеттүү, булар адилеттүү, компетенттүү жана на-тыйжалуу болушу зарыл. Шайлоо жөнүндө кодекстин 45-беренесинин 11-пункту жана 46-берене-синин 7-пункту, эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга катышканталапкер, талапкердин, саясий партиянын өкүлдөрү, байкоочулар добушберүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколтүзүү, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу процесси боюнча эч кандай доо-маты жок болсо, ал тийиштүү шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналы-шынын протоколунда белгиленип жана алардын колтамгалары менен ырастал-са, бирок, кийин жогоруда аталган негиздер боюнча арыз жана (же) датта-нуу беришсе, анда алардын арыздары жана даттануулары добуш берүүнүн жы-йынтыктарын жараксыз деп табууга негиз боло албастыгын карашкан. Добушберүүнүн жыйынтыктарын белгилөөдө, чыгарууда жана шайлоонун натыйжала-рын аныктоодо шайлоо процессинин субьектилеринин дооматтары болбогонду-гун шарт кылуу менен сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүн чектөө, эгерде шайлоопроцессиндеги укук бузуулар аныкталып, бирок дооматтар шайлоо комиссия-сынын актылары чыгарылгандан кийин түшсө дагы иш жүзүндө шайлоо комис-сияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана шайлоонун натыйжа-ларын аныктоо актыларына акыркы жана даттанууга жатпаган статус берүүменен, шайлоо процессинин субъектилерин шайлоо комиссияларынын чечимде-рине даттануу укуктарынан ажыратат. Муну менен, Конституция жана мый-замдар менен белгиленген өзүнүн жарандарынын бардык эркиндиктерин жанаукуктарын сот аркылуу корголушун кепилдеген Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынын 21-беренесинин 5-пункту бузулат. Анын үстүнө, КыргызРеспубликасынын Конституциясынын ушул эле беренесинин 4-пункту мененжарандардын эркиндиктерин жана укуктарын коргоо, бул жагындагы укук бу-зууларды болтурбоо жана бузулган укуктарды калыбына келтирүү мамлекет-тин, анын бардык органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор-гандарынын жана алардын кызмат адамдарынын милдети экендиги белгилен-ген. Шайлоо жөнүндө кодекстин 55-беренесинин 7-пунктунун биричи абзацы-нын добуш берүүнүн жыйынтыгы шайлоонун жыйынтыгы чыгарылгандан кийин үчкалендарлык күн ичинде сотко даттанылышы мүмкүн деген ченеми өзүндө такэместикти камтыйт, бул болсо ар кандай түшүнүүгө жана колдоонууга алыпкелиши мүмкүн, анткени Шайлоо жөнүндө кодексте "добуш берүүнүн жыйын-тыктары" жана "шайлоонун натыйжалары жөнүндө" түшүнүктөр бар, ал эми"шайлоонун жыйынтыктары" деген түшүнүк жок. Бул ченем Конституциягаылайык эмес жана бардык адамдардын мыйзам жана сот алдында бирдейлигинекепилдик берген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-беренесинин3-пунктуна карама-каршы келет деп табылууга жатат, анткени укуктук че-немдин аныктыктыгы, тактыктыгы, кош маанилүү эместиги деген жалпы укук-тук критерий көрсөтүлгөн конституциялык принциптен келип чыгат. Шайлоо жөнүндө
кодекстин 54-беренесинин 4-пунктунун экинчи абзацы-на жана 55-беренесинин 7-пунктунун экинчи абзацына ылайык шайлоонун на-тыйжаларына административдик тартипте да, жана соттук тартипте да дат-танууларды берүү мөөнөтү бир мезгилде башталат жана үч календарлыккүнгө созулат. Ошол эле учурда, даттануу арыздарын берүүнүн мөөнөтү ти-гил же бул тартипте да узартылууга жана жањыртылууга жатпайт, ал эмикөрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин даттануу кабыл алынбайт. Шайлоонуннатыйжалары административдик тартипте даттанылган учурда, сот тартибин-де даттануунун мөөнөтү өтүп кетет. Ошону менен шайлоо комиссияларынынаракеттери административдик тартипте даттанылса, адам сотко кайрылууукугунан ажырайт, бул болсо Конституция жана мыйзамдар аркылуу белги-ленген, жарандардын бардык эркиндиктерин жана укуктарын сот аркылуукорголушунуна кепилдик берген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын21-беренесинин 5-пунктуна карама-каршы келет. Ошону менен бирге, Шайлоо жөнүндө кодекстин жогорудагы көрсөтүлгөнченемдеринде каралган добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун на-тыйжаларына даттанууга үч календарлык күн ичиндеги мөөнөттөрдүн өзүКонституциянын талаптарына карама-каршы келет деп табылышы мүмкүн эмес,анткени убакыттын катуу алкагын белгилөө, шайлоо талаштарын оперативдүүчечүүнү камсыз кылат, шайлоо компаниясы аяктаганга чейин шайлоо укугуннатыйжалуу соттук коргоодо кошумча процессуалдык кепилдиги болуп беретжана мындай коргоону кийин да жүргүзө берүүдөн ажыратпайт. Анткени,Кыргыз Республикасынын Жарандык-процессуалдык кодексинин 257-беренесин-де шайлоо компаниясы учурунда болгон шайлоо укуктарынын бузулушу туура-луу тийиштүү шайлоонун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин да 10күндүн ичинде сотко арыз берүү мүмкүнчүлүгү түздөн-түз каралган. Ушун-дан улам, бузулган шайлоо укуктарына натыйжалуу соттук коргоону камсызкылуу максатында жогоруда көрсөтүлгөн жагдайларды эске алуу керек жанажарандардын шайлоо укуктарын коргоо процедурасы тийиштүү түрдө жөнгөсалынууга жатат. КР ЖПКнин 26-беренесинин 2-бөлүгү КР КЖКнин 141-беренесинде карал-ган шайлоо документтерин, референдумдун документтерин бурмалоо же до-буштарды туура эмес эсептөө жөнүндө кылмыш иши жеке айыптоо иштеринекирерин көрсөтөт. Буга ылайык, ушул категориядагы иштер адам тарабынанбашка адамды жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө сотко арыз берүү жолуменен козголот жана сотто жекече айыптоочу катары арызды берген адамгана же анын өкүлү чыгууга укуктуу, ошондой эле бул иштер тараптардынжарашуусуна байланыштуу өндүрүштөн кыскартылышы мүмкүн. Ошол эле учурда, КЖКнин 141-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын объ-ектиси конкреттүү депутаттыкка талапкердин жеке гана кызыкчылыгы бол-бостон, ошондой эле шайлоолордун демократиялык негизи жана эркиндик жа-на акыйкаттуулук кепилдиги, шайлоого жана мамлекеттик бийлик органдары-на жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына шайланууга болгонжарандардын саясий укуктары болуп эсептелинет. Ушуну менен бирге, Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 26-беренесинин2-бөлүгү сотто далилдерди чогултуу, айып коюу жана колдоо милдеттеринжабырлануучу тарапка гана жүктөп, жарандардын шайлоо укуктарын коргоомилдетинен мамлекетти бошотуп жана Кыргыз Республикасынын Конституция-сынын 7-беренесинин 4-абзацынын мамлекеттик органдардын эл алдындагыжоопкерчилигинин жана элдин таламдарында өз ыйгарым укуктарын жүзөгөашыруусун, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 21-беренесинин4-пунктунда мамлекетти, анын бардык органдарынын жана жергиликтүү өзал-дынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарын жарандардынэркиндиктерин жана укуктарын коргоо, бул жагындагы укук бузууларды бол-турбоо жана бузулган укуктарды калыбына келтирүүнү милдеттендирген че-немдерин бузат. Көрсөтүлгөн жагдайларда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык со-ту Шайлоо жөнүндө кодекстин 45-беренесинин 11-пункту, 46-беренесинин7-пункту, 54-беренесинин 4-пунктунун экинчи абзацы жана 55-беренесинин7-пунктунун биринчи абзацы жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстикКодексинин 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн, Кыргыз Республикасынын Кыл-мыш-жаза кодексинин 141-беренесинде каралган кылмыш иштерди жекечеайыптоо иштерине киргизүү тууралуу бөлүгүндө Конституцияга ылайык эмесжана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесинин төртүнчү аб-зацына, 13-беренесинин 3-пунктуна, 21-беренесинин 4 жана 5-пункттарынажана 23-беренесинин 1-пунктунун экинчи абзацына карама-каршы келет депэсептейт. Жогорудагылардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституци-ясынын 85-беренесинин 3-пунктунун 1-пунктчасын, "Кыргыз РеспубликасынынКонституциялык соту жөнүндө" Мыйзамдын 13 жана 14 беренелерин, "КыргызРеспубликасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамдын 10, 11,13, 14, 24, 25, 29 жана 30-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Рес-публикасынын Конституциялык соту чечти: 1. "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кодекстин 45-берене-синин 11-пункту, 46-беренесинин 7-пункту, 54-беренесинин 4-пунктунунэкинчи абзацы жана 55-беренесинин 7-пунктунун биринчи абзацы жана Кыр-гыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 26-беренесинин 2-бөлү-гүн, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 141-беренесинде ка-ралган кылмыш ишти - жекече айыптоо иштерине киргизүү тууралуу бөлүгүн-дө Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы-нын 7-беренесинин төртүнчү абзацына, 13-беренесинин 3-пунктуна, 21-бе-ренесинин 4 жана 5-пункттарына жана 23-беренесинин 1-пунктунун экинчиабзацына карама-каршы келет деп табылсын жана аракеттери жокко чыгарыл-сын. Мамбетов Турдубектин өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылсын. 2.Чечим акыркы, даттанууга жатпайт. Бардык мамлекеттик органдар,юридикалык жактар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдетүүтүрдө аткарылууга тийиш. 3.Чечим "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосторуна","Эркин Тоо", "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана" гезиттерине жарыялан-сын. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы С.Сыдыкова Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Секретары О.Мамыров