Бишкек шаары2009-жылдын 14-июлу КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН ЧЕЧИМИ "Кыргыз Республикасында турак-жай фондун менчиктештирүү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын 1991-жылдын 20-декабрындагы Мыйзамдын 2-берене-синин 5-бөлүгүн жана 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-абзацын Конституциягаылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесинин1,2,3 жана 4-пункттарына, 12-беренесинин 2-пунктуна, 14-беренесинин3-пунктунун 2-бөлүгүнүн 2, 3 абзацтарына жана 18-беренесинин 1-пунктунакарама-каршы келет деп табуу жөнүндө "Ак-Марал" ачык акционердик коому-нун өтүнүчү боюнча, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: Төрагасы С.К.Сыдыкова,Төраганын орунбасары А.А.Суталинов, судьялар - А.А.Абдугапаров, С.Н.Де-мин, Ч.Ж.Курбанова, Ө.Ж.Мамыров, Ч.А.Мусабекова жана К.Э.Эсенкановдункурамында, соттук жыйналыштын катчысы: Ж.Абдылдаева, тараптар: "Ак-Марал" ачык акционердик коомунун президенти Өмүрали-ев Асек Өмүралиевичтин жана 2009-жылдын 15-апрелиндеги ишеним каттыннегизинде аракеттенген анын өкүлү Сопуев Жаныбек Аттокуровичтин,2009-жылдын 18-июнундагы ишеним каттын негизинде аракеттенген КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин өкүлү Эсенаманова Чолпон Замирбеков-нанын катышуулары менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-бе-ренесин, "Кыргыз Республикасынын Конституциялык Соту жөнүндө" Мыйзамдын13-беренесин жана "Кыргыз Республикасынын конституциялык сот өндүрүшүжөнүндө" Мыйзамдын 11-беренесин жетекчиликке алып, ачык соттук жыйна-лышта "Кыргыз Республикасында турак-жай фондун менчиктештирүү жөнүндө"Мыйзамдын 2-беренесинин 5-бөлүгүн жана 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-аб-зацын Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституци-ясынын 4-беренесинин 1, 2, 3 жана 4-пункттарына, 12-беренесинин 2-пунк-туна, 14-беренесинин 3-пунктунун 2-бөлүгүнүн 2, 3-абзацтарына жана18-беренесинин 1-пунктуна карама-каршы келет деп табуу жөнүндө "Ак-Ма-рал" ачык акционердик коомунун өтүнүчүн карады. Судья А.А.Суталиновдун баяндамасын, "Ак-Марал" ачык акционердиккоомунун президенти А.Ө.Өмүралиевдин, анын өкүлү Ж.А.Сопуевдин, КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин өкүлү Ч.З.Эсенаманованын сөздөрүнугуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз РеспубликасынынКонституциялык соту, тапты: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 2009-жылдын 1-июнунда"Кыргыз Республикасында турак-жай фондун менчиктештирүү жөнүндө" Мый-замдын 2-беренесинин 5-бөлүгүн жана 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-абзацынКонституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын4-беренесинин 1, 2, 3 жана 4-пункттарына, 12-беренесинин 2-пунктуна,14-беренесинин 3-пунктунун 2-бөлүгүнүн 2, 3-абзацтарына жана 18-берене-синин 1-пунктуна карама-каршы келет деп табуу жөнүндө "Ак-Марал" ачыкакционердик коомунун өтүнүчү келип түшкөн. Өтүнүчтү негиздөөгө төмөндөгү жүйөөлөр келтирилген. "Кыргыз Рес-публикасында турак-жай фондун менчиктештирүү жөнүндө" Мыйзамдын 2-бере-несинин 5-бөлүгүндө мамлекеттик өндүрүш жайларынын негизинде түзүлгөнакционердик коомдордун менчиги болгон жатаканаларды жана конок-үй тү-рүндөгү үйлөрдү менчиктештирүү мыйзамда аныкталган иретте ишке ашырылатдеп көрсөтүлгөн. Ал эми мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-абзацындаменчиктештирүүнү ишке ашыра турган орган болуп, мамлекеттик өндүрүш ме-кемелеринин негизинде түзүлгөн, балансында өндүрүш мекемесин өзгөрткөн-гө чейин курулган турак-жайлары бар акционердик коомдор эсептелет депаныкталган. Мыйзамдын жогорудагы ченемдерин жетекчиликке алып, Бишкек шаарынынБиринчи май райондук соту 2008-жылдын 15-февралындагы чечими менен жа-таканадагы бөлмөлөрдү менчиктештирүүдөн баш тарткан "Ак-Марал" ачык ак-ционердик коомунун президентинин чечимин жокко чыгаруу жөнүндөгү жаран-дардын доо-арызын канааттандырган. Бишкек шаардык сотунун жарандык иш-тер боюнча соттун коллегиясы бул чечимди өзгөртүүсүз калтырган. КыргызРеспубликасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттун коллегиясы2008-жылдын 10-декабрындагы токтому менен Биринчи май райондук сотунунжана Бишкек шаардык сотунун чечимдерин күчүндө калтырган. "Кыргыз Республикасында турак-жай фондун менчиктештирүү жөнүндө"Мыйзамдын аталган ченемдерин колдонуунун натыйжасында, Кыргыз Республи-касынын Конституциясы кепилдикке алган "Ак-Марал" ачык акционердик коо-мунун менчикке, өз менчигин эркин пайдаланууга болгон конституциялыкукуктары бузулган. Соттук жыйналышта "Ак-Марал" ачык акционердик коомунун президентиА.Ө.Өмүралиев жана анын өкүлү Ж.А.Сопуев өтүнүчтү колдошуп, аны канаат-тандырууну сурашты. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин өкүлү Ч.З.Эсенамановаөтүнүчтүн жүйөөлөрү менен макул болгон жок жана аны канааттандыруусузкалтырууну сурады. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тараптардын жүйөөлөрүнталкуулап жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, "Ак-Марал" ачык акци-онердик коомунун өтүнүчү төмөндөгү негиздер боюнча канааттандырылуугажатпайт деп эсептейт. Берилген материалдарга караганда, Кыргыз Республикасынын Жогоркусотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы 2008-жылдын 10-декаб-рындагы токтому менен жатаканадагы бөлмөлөрдү менчиктештирүүдөн баштарткан "Ак-Марал" ачык акционердик коомунун президенти А.Ө.Өмүралиев-дин чечимин жокко чыгаруу жөнүндөгү жарандардын доо-арызын канааттан-дырган жана аны менчиктештирүүнү жүргүзүүнү милдеттендирген Биринчи майрайондук сотунун чечимин жана бул чечимди өзгөртүүсүз калтырган Бишкекшаардык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын аныктамасынкүчүндө калтырган. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту бул токтомду ка-был алууда "Кыргыз Республикасында турак-жай фондун менчиктештирүү жө-нүндө" Мыйзамдын 3-беренесин негизге алган. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 1-пунктунаылайык Кыргыз Республикасы-социалдык мамлекет, анын саясаты адамдын та-тыктуу жашоосун жана эркин өнүгүшүн камсыздоочу шарттарды түзүүгө ба-гытталган. Бул жобо мамлекеттик, муниципалдык жана жеке турак-жай фон-дунун, мекемелердин турак-жай фондунун өнүгүшү менен жарандарга мыйзам-дарда белгиленген шарттарда жана тартипте көмөк көрсөтүү менен камсызкылынат деген Кыргыз Республикасынын жарандарынын турак-жайга болгонукугун бекиткен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 33-беренесиндеөнүктүрүлгөн. Жарандардын жашоосуна эњ керектүү болгон социалдык чөйрөнүн түзү-лүштөрү жеке кызыкчылыктар гана үчүн эмес, мамлекет тарабынан коргоогоалынуучу жалпы калктын кызыкчылыгы үчүн пайдаланышы керек. Ошондуктан,Мыйзам чыгаруучу көрсөтүлгөн объектилердин иш аракетинде болушун жанабелгиленген максатта сакталышын камсыздоого байланышкан мамилелердижөнгө салып, элдин жашоо турмушуна керектүү болгон тигил же бул объек-тилер эл тарабынан менчиктештирилүүгө жатат деп аныктоого укуктуу. Анын негизинде "Кыргыз Республикасында турак-жай фондун менчиктеш-тирүү жөнүндө" Мыйзамдын мамлекеттик өндүрүш жайларынын негизинде тү-зүлгөн акционердик коомдордун менчиги болгон жатаканаларды менчиктешти-рүү мыйзамда аныкталган иретте ишке ашырылат деген 2-беренесинин 5-бө-лүгү жана менчиктештирүүнү ишке ашыра турган орган болуп мамлекеттикөндүрүш мекемелеринин негизинде түзүлгөн, балансында өндүрүш мекемесинөзгөрткөнгө чейин курулган турак-жайлары бар акционердик коомдор эсеп-телет деген 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-абзацы Кыргыз РеспубликасынынКонституциясында көрсөтүлгөн адамдын турак-жайга болгон укуктарын кам-сыздоого багытталган. Мындай жагдайларда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту"Кыргыз Республикасында турак-жай фондун менчиктештирүү жөнүндө" Мый-замдын өтүнүчтөгү талашылып жаткан ченемдери жарандардын турак-жайгаболгон конституциялык укугун ишке ашыруу кепилдиктери жөнүндөгү, КыргызРеспубликасынын Конституциясынын 33-беренесинин талаптарына ылайык ке-лет жана өтүнүчтө көрсөтүлгөн конституциялык ченемдерге карама-каршыкелбейт деп эсептейт. Жогорудагылардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституци-ясынын 85-беренесинин 3-пунктунун 1-пунктчасын, "Кыргыз РеспубликасынынКонституциялык соту жөнүндө" Мыйзамдын 13 жана 14-беренелерин, "КыргызРеспубликасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамдын 10, 11,13, 14, 23, 24, 25, 29 жана 30-беренелерин жетекчиликке алып, КыргызРеспубликасынын Конституциялык соту чечти: 1. "Кыргыз Республикасында турак-жай фондун менчиктештирүү жөнүн-дө" Мыйзамдын 2-беренесинин 5-бөлүгүн жана 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн4-абзацын Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Консти-туциясынын 4-беренесинин 1, 2, 3 жана 4-пункттарына, 12-беренесинин2-пунктуна, 14-беренесинин 3-пунктунун 2-бөлүгүнүн 2, 3-абзацтарына жа-на 18-беренесинин 1-пунктуна карама-каршы келет деп табуу жөнүндө"Ак-Марал" ачык акционердик коомунун өтүнүчү канааттандыруусуз калты-рылсын. 2. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт. Бардык мамлекеттик органдар,юридикалык жактар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүүтүрдө аткарылууга тийиш. 3. Чечим "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору-на", "Эркин Тоо", "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана" гезиттерине жары-ялансын. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы С.Сыдыкова Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун секретары О.Мамыров